Бүгүн түз эфирде комедант Нурдиновго: “Мурдараак ажы тойго барганы үчүн үч милиционерден коронавирус чыгыптыр деген сөздүн канчалык чындыгы бар?”- деген суроо берилди.

Коменданттын айтымында, бул маалымат так эмес. Учурда 50дөн ашуун милиция кызматкерлери жана жоокерлер үч күндүк карантинге алынышкан. Себеби, алар биринчи күндөн баштап эле умрадан келип, обсервацияга алынган адамдарды кайтарууга алышкан. Алгоритм боюнча, үй-бүлөсүнө барып, эл катары турмушка киргенге чейин алар текшерүүгө алынышы керек.

“Бирок, Ноокат районундагы бир кызматкердин аялынын ажы тойго барганы дайын болгон. Коронавируска шектелип, бул кызматкерди аялы менен обсервацияга жаткыздык”,- деди комендант.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 3 адамда коронавирус аныкталган. Баары 147 учур. Алардын ичинен 9у медицина кызматкерлери. 9 адам айыгып, бирөө каза тапкан.