“Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну COVID-19дан каза болгон жок. Анын анализдери терс жыйынтык көрсөттү. Өлүмгө буга чейинки өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткени себеп болгон”,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов.

Дартка кабылды деген тургун 17-мартта чет өлкөдөн келип, анда клиникалык белгилери болгондуктан стационардык дарыланууга жаткырылган. Анын каза болгонуна каронавирустун тиешеси жок.