2020-жылдын 5-апрелине карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар1 203 694  (бир суткада 99 899 адам кошулду)

Каза тапкандар: 64 738 (+ 5 574)

Айыгып чыккандар: 246 638 (+ 25 289)

Россияда короновирус жуктургандар 4 731; Каза тапкандар – 43. Айыгып чыккандар – 333.

Казахстанда – короновирус жуктургандар 551. Каза тапкандар 6. Айыгып чыккандар – 29.

Кытайда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 30 жаңы учуру катталды, 3 адам каза тапты. Баары биригип каза тапкандар – 3329.

Кыргызстанда - короновирус жуктургандар - 147. Каза тапкандар - 1. Айыгып чыккандар9.

Аймактарга бөлгөндө:

Бишкек ш. – 18

Ош ш. – 12

Ош облусунда – 35

Баткен облусунда – 3

Жалал-Абад облусунда  – 67

Чуй обсусунда – 6

Ысык-Көл обслусунда – 2

Нарын облусунда – 4

ЦИТАТА:Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 5 адам оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен 2 адам жасалма дем алдыруучу аппаратта, ал эми 3 адам кислород менен дем алууда, - КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.

ЦИФРА: Коронавирус инфекциясына чалдыккан 147 адам менен байланыш түзгөн адамдардын саны – 5048. Анын ичинен, эң жакындары жана үй-бүлөсү менен байланышкандар – 548. 2-категориядагылар (башкалар) менен байланышкандардын саны – 1454. – КР Саламаттыкты сактоо министрлиги.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ: “Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде коменданттык саатты 83 адам бузган. Алардын ичинен, 75 эркек, 8 аял. Учурда, коменданттык саатты бузгандардын санынын кыскарган тенденциясы байкалууда”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Коронавирустан каза тапкандардын саны боюнча алдыда бараткан мамлекеттер:

1. Италия: 15 362

2. Испания: 11 814

3. АКШ: 8,344

4. Франция: 7560

5. Улуу Британия: 4,313

6. Иран: 3452

7. Кытай: 3 326

8. Нидерланды: 1 651

9. Германия: 1395

10. Бельгия: 1283

2020-жылдын 4-апрелине карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 1 103 795  (бир суткада 82 606 адам кошулду)

Каза тапкандар: 59 164  (+ 5 902)

Айыгып чыккандар: 221 349 (+ 12 145)

Россияда короновирус жуктургандар 4 149; анын ичинде Москвада – 2 923. Каза тапкандар – 34.

Казахстанда – бүгүн саат 10.00дөгү маалымат боюнча короновирус жуктургандар 500дөн ашты. Каза тапкандар – 6. Айыгып чыккандар – 29.

Кыргызстанда - бүгүн саат 10.00дөгү маалымат боюнча короновирус жуктургандар144. Каза тапкандар – 1. Айыгып чыккандар – 6. Обсервацияда – 1 666 бейтап.

Аймактарга бөлгөндө:

Бишкек ш. – 15

Ош ш. – 12

Ош облусунда – 35

Баткен облусунда – 3

Жалал-Абад облусунда  – 67

Чуй обсусунда – 6

Ысык-Көл обслусунда – 2

Нарын облусунда – 4

Акыркы сутка ичинде республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаңы учур катталган. “Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр”, - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.

COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медкызматкердин ичинен: 7 - Жалал-Абад облусунда, 1 - Бишкекте, 1 – Ошто.

Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

1. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда;

2. Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду;

3. Ошто 63 жаштагы аял – оор абалда;

4. Ошто 60 жаштагы аял – оор абалда;

5. Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты;

6. Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.

ЦИФРА: “Өткөн сутка ичинде борбордо коменданттык саатты 99 адам бузган. Алардын ичинен, 85 эркек, 14 аял. Ошол эле учурда, кылмыш иштеринин азайгандыгын белгилейм”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

2020-жылдын 3-апрелине карата дүйнө жүзү боюнча: 

Ооруга чалдыккандар1 002 071 (бир суткада 143 286 адам кошулду)

Каза тапкандар: 51 400 (+ 9 249)

Айыгып чыккандар: 210 500 (+ 32 381)

Кечээтен бери Кыргызстанда коронавирустук инфекция жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. 2020-жылдын 3-апрелине карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 130 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды. Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.

Жакшы жаӊылык

1. Иранда 103 жаштагы чоң эне илдетти жеңип чыкты.

Улгайган куракта бул оорунуу жеңүү кыйын деген кептерге 103 жаштагы Ирандын СЕМНАН шаарынын тургуну чекит койду. Ал ооруканада бир жума дарыланып, илдетти жеңип, үйүнө кайтып барган.

2. Коронавирусту толугу менен жеңген алгачкы өлкө Кытай болуп саналат.

Мындан 2-3 ай мурун Кытай дүйнөдөгү эң коркунучтуу инфекция тараган объект деп табылган. 31-март бүткүл Кытай боюнча вируска чылдыккан бир дагы жаран табылган жок.

3. Apple комапниясы кеңселерин кардарлар үчүн ачты (азырынча Кытайда гана).

1,5 ай карантинден соң Apple компаниясы 42 расмий дүкөндөрдүн эшигин ачты. Компаниянын мүдүрү Тим Кук пандемия “бизди көп нерсеге үйрөттү, биринчи орунда адамдардын өмүрү турат”- деди.

4. Кыргызстанда 5 киши айыкты.

Коронавирусту биздин өлкөдө беш киши жеңип чыкты. Айыккандар Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ала-Бука райондоунун тургундары. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, “бул беш жарандын акыркы анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок.

5. Окумуштуулар COVID-19 вирусун чакырган антителаны табышты.

Нидерландиянын Роттердам жана Утрехттир окумуштуулары вирусту чакырган SARS-CoV-2 антителаны табышты. Инфекцияны токтоткон (жапкан) бул биринчи антитела болуп саналат, алардын айтымында антитела эми вируска каршы дармек даярдоого колдонулат.

6. АКШ вируска каршы вакцинаны сынап баштады.

16-март күнү АКШда 45 ыктыярчыга вируска каршы дары дармек колдонулган. Жалпы жонунан алганда 18ден 55 жашка чейинки 45 ыктыярчыга ар кандай дозада, кандай эффект чыгаарын аныктоо үчүн колдонулат.

ЦИФРА: 2020-жылдын 2-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 83 млн. 472 миң 193 сом акча каражаттар түштү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ: Сиз билүүгө милдеттүүсүз

Бүгүн 3-апрелдеги брифингде билим берүү министри К.Исаков төмөнкүлөрдү билдирди:

- 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталат, төртүнчү чейректин сабактарын мектеп окуучулары үйүндөн окушат;

- министрлик түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча Антикризистик планды бекитти;

- кыргыз жана орус тилдеринде теле сабактардын бирдиктүү жүгүртмөсү түзүлдү, бул процесске Бишкек жана Ош шаарларындагы эки жүздөн ашык мугалим тартылды:

Сабактар “Баластан” (1-4-класстар), “Илим жана билим”, ЭлТР, Пирамида, 5-канал, Санат ТВ (5-11-класстар) каналдарынан көрсөтүлөт, видео сабактар ошондой эле “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” Youtube каналына дагы жүктөлөт;

- сабактардын материалдары oku.edu.gov.kg порталына жайгаштырылат;

- мугалимдер окуучулар менен байланыш түзүүдө көнүмүш мессенджерлер жана төмөнкү платформалар колдонулат: Telegram, WhatsApp, Zoom, Google classroom;

- ЖРТны өткөрүү мөөнөттөрүн жылдыруу пландалып жатат, учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен тестирлөөгө каттоо жана өткөрүү маселелери иштелүүдө. Керектүү маалыматты абитуриенттер testing.kg сайтынан ала алышат.

2020-жылдын 2-апрелине карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 858 785 (бир суткада 71 979 адам кошулду)

Каза тапкандар: 42 151 (+ 4 327)

Айыгып чыккандар: 178 119 (+ 12 512)

Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116. Алардын ичинен:

• Жалал-Абад облусунда – 54;

• Ош облусунда – 30;

• Чүй облусунда – 5;

• Баткен облусунда – 3;

• Ош ш. – 10;

• Бишкек ш. – 8;

• Нарын облусунда – 4;

• Ысык-Көл облусунда – 2

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

Жакшы жаӊылык: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Аял жана эркек ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 адам айыкты.

ФЕЙК: “Беш-Күнгөй айылындагы обсервацияда аял каза болду”- деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул обсервацияга жалпы 31 киши жаткырылган, бардыгынын абалы жакшы, баары дарыгерлердин көзөмөлүндө. Саламаттык сактоо министрлиги

ЦИФРА: Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 80 млн. 552 миң 233 сом акча каражаттар түштү.

ДААВАТКА БАРЫШКАН: Пакистандын Абботабад шаарында Кыргыз Республикасынын 1950-ж.т., 1952-ж.т., 1959-ж.т. үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды.

Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн.

Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы Элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес.

Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышып турууда.

2020-жылдын 1-апрелине карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 858 785 (бир суткада 71 979 адам кошулду)

Каза тапкандар: 42 151 (+ 4 327)

Айыгып чыккандар: 178 119 (+ 12 512)

Кыргызстанда соңку маалымат боюнча коронавирус дарты дагы 4 адамда тастыкталды. Алар – Жалал-Абад шаарынан 1, Сузак районунан – 1, Кара-Көл шаарынан – 1 жана Чүй облусунан 1 учур. Жалпысынан 111 адамда вирус бар экендиги тастыкталып, дарыланып жатышат.

Жаңы учурлардын 1сү вирусту сырттан жуктуруп келген (жакында эле Россиядан кайткан). 3 адамга вирус өлкөдө ооруп жаткан адамдардан жуккан.

COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны6028 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал)

анын ичинде:

- I категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) 1612;

- II категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар)4416;

Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 9128

Бир суткада жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 884

Өлкө боюнча обсервацияда – 1588

ЦИТАТА: “Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес, биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды, ошондуктан мен шаардыктарга кайрылам, коменданттык саатты жана карантиндик-санитардык эрежелерди бузбаңыздар. Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар колдонулат”, - Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

МААНИЛҮҮ: Бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алынгандыгын КР Президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, кечээ ажо Саламаттыкты сактоо министрине коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду өз убагында аныкташпагандыгы үчүн сындаган: “Январь айында “бардык лабораториялар даяр” деп айтып жаткансыз. Иш жүзүндө сиз айткандай болбой чыкты. Тесттен өткөрүү боюнча реагенттер жетишсиз экен. Министрлик өз убагында ыкчам аракеттерди көрүшү керек болчу. Аны кылбаптырсыңар!”.

31-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 786 806 (бир суткада 63 851 адам кошулду)

Каза тапкандар: 37 824 (+ 3 847)

Айыгып чыккандар: 165 607 (+ 14 295)

2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:

Бишкек ш. – 1

Нарын облусу – 3

Ысык-Көл облусу – 2

Чүй облусу – 1

Ош облусу – 5

Жалал-Абад облусу – 1

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.

Жалал-Абадда коронавирустан үч адам айыкты

Кубанычтуу кабар. Жалал-Абад облусунда  коронавирустан айыккан үч адам ооруканадан чыгарылды. Алар алгач коркконун айтышып, андан соң ыраазычылык билдиришти. Аларды кубануу менен узатып жаткан дарыгерлердин бири: “Бул жугуштуу оорулар бөлүмүнөн айыгып чыккан биринчи бейтап сиз болосуз. Мындан кийин оорубаңыз, ден соолукта жүрүңүз. Бала-чаканын үзүрүн көрүңүз, ылайым эч качан оорубаңыз”,- деди.

Ошто өкмөткө жардам берүүнү көздөгөн штаб түзүлдү

Жарандык активисттер тарабынан Ош шаарында Элдик штаб түзүлдү. Аталган штабдын негизги  максаты - өкмөткө коронавирустун алдын алууга жардам берүү жана кыйналып жаткан тургундарга көмөк көрсөтүү. Тагыраагы, элден топтолгон жардамды координациялоо. Топтолгон жардамды, каражатты муктаж болгондорго тегиз жеткирүү башкы максат экенин Улан Канат уулу баса белгиледи.

Кыргызстанда эки наристе да коронавируска чалдыкты

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына таянсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын эң кичинекейи - бирге толо элек эки наристе. 15ке чыга элек жети бала. 16 жаштан 19 жашка чейин төртөө. 20 жаштан 35 жашка чейинкилердин саны 29 адамга жетти. Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 94 болду. Жараткан колдоп баары сакайып кетсин деп тилек кылалы.

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси

Борбор калаанын коменданты А.Орозалиев бир катар чектөөлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Андан: “Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендердин тизмесине кирбеген тармактардын бардык уюмдары жана ишканалары ӨА учурунда ишмердүүлүгүн токтотуп жана аралыктан же онлайн режимде жүргүзүлсүн”- деп да айтылган. Ошондуктан, уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмесин жарыялайбыз:

1. Саламаттыкты сактоо системасы:

- ооруканалар;

- лаборатордук кызматтар;

- үйүндө мед. кызматтарды көрсөткөн мекемелер;

- бардык менчик формадагы мед. мекемелер;

- ветеринардык тез жардам кызматтары;

- мед. товарларынын дистрибуциясы.

2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:

- электроэнергиялык компаниялар;

- суу менен камсыз кылуу;

- электриктер жана сантехниктердин кызматтары;

- өрт өчүрүү кызматы;

- көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;

- калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;

- дезинфекция;

- телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);

- аэропорттор;

- темир жол бекеттери;

- почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;

- соц. камсыздоо.

3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:

- тамак-аш өнөр жайы;

- айыл чарбасы;

- биринчи керектүү товарларды өндүрүү;

- химреагенттер;

- дары-дармек препараттары;

- мед. жабдуулар жана аспаптар;

- үй үчүн кагаз буюмдары;

- жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);

4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:

- азык-түлүк дүкөндөрү;

- дарыканалар;

- Күйүүчү май куюу жайлары;

- ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – алып кетүүгө гана иштейт;

5. Башка маанилүү кызматтар:

- азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;

- азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;

- банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);

- мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

*Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.

- жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

- карылар үйлөрү;

- балдар үйлөрү;

- үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;

- жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;

- ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.

МАНИЛҮҮ: унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек; буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтсүн.

ЦИФРА: “Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 137 тартип бузган жаран кармалды. Алар 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган”, - Бишкек ш. коменданты Алмазбек Орозалиев.

ЭСКЕ ТҮЙҮҢҮЗ: 2020-жылдын 31-мартынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Алардын катарына КТБлар жана “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрү, “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС (ОЗАГСПРН) кирет.

- Өзгөчө абал режими киргизилбеген республиканын башка аймактарында ведомствонун алдындагы бөлүмдөр штаттык тартипте ишин улантат.

- Чет элдик жарандардын каттоосун КТБ ачылгандан кийин узартса болорун МКК эске салат.

- 2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки мезгилде төрөлгөн ымыркайлардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн алуу - жылдырылат.

“КР бузуулар тууралуу кодексинин” 275-беренесинде каралган айыптар салынбайт. Аталган чечим республиканын бардык аймагына жайылат.

30-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар722 955 (бир суткада 51 531 адам кошулду)

Каза тапкандар: 33 977 (+ 3 021)

Айыгып чыккандар: 151 312 (+ 5 626)

Кыргызстанда акыркы сутка боюнча статистика жанылана электигине байланыштуу, кечирээк кабарлайбыз. Кечээ, 29-мартка карата маалымат боюнча –жалпысына 84 адамда вирус бар экендиги тастыкталып, дарыланып жатышат.

Аймактарга бөлгөндө:

Жалал-Абад облусу – 39;

Ош облусу – 33;

Баткен облусу – 1;

Чүй облусу жана Бишкек шаары - 10”

Нарын облусу – 1 адам;

ЦИФРА: Түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат. Алардын жалпы саны 14-15 дарыгер, реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор. “Бизде коронавирус менен күрөшкөн медицина адистери жетиштүү. Андан сырткары, биз профилактика жүргүзүү максатында башка профилдеги адистерибизди кошумча окутуп жатабыз. Мындай окутуулар эл аралык тажрыйбада дагы колдонулат. Бизде 42 пульмонолог, 267 эпидемиолог, 644 реаниматолог бар”, - Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов.

ЭЛГЕ КАМКОРДУК: Баткен облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жалпы 183 тонна ун, 1013 кг макарон, 8589 литр өсүмдүк майы, 775 кг күрүч, 874 кг кумшекер берилди. Ошондой эле 45507 даана беткап, 2650 тонна хлор, 4110 литр антисептик, 457 даана халат, 3840 жуп кол кап таратылды.

ЦИТАТА:Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык мыйзамында, Өзгөчө абал – калктын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында гана жарандардын укуктары менен эркиндиктерине айрым чектөөлөрдү киргизүүгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттенмелерди жүктөөчү убактылуу чара экендиги так көрсөтүлгөн.

Күнүмдүк иш тартиби өзгөртүлүп, бул ЖМКлардын ишмердүүлүгүн да кыйгап өткөн жок.

Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей. Буга чейин өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем. Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өзүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аккредитация бере албайбыз.

Коронавирус инфекциясы – жалпы адамзат үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы жаӊы чакырык. Аны менен күрөшүүдө биз бир муштумга биригип, саясий жана башка көз караштарыбызды четке жыйыштыра туруп, бул чакырыкка каршы биригишибиз керек,”- Бишкектин коменданты А.Орозалиевдин ЖМКларга кайрылуусунан.

29-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 664 608 (бир суткада 67 536 адам кошулду)

Каза тапкандар: 30 846 (+ 3 486)

Айыгып чыккандар: 140 156 (+ 8 458)

Кыргызстанда бүгүн саат 12.00гө карата маалымат боюнча – коронавирус илдетин жуктурган 26 жаңы учур катталган. Учурда бардыгы биригип, 84 адамда вирус бар экендиги тастыкталып, дарыланып жатышат. Жаңы жуктургандарды облустарга бөлгөндө:

- Жалал-Абад облусунда – 13

- Ош облусунда – 6

- Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)

- Нарын шаарында – 1 адамдан коронавирус ылаңы чыккан.

ЦИФРА: “2020-жылдын 29-мартына карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын ичинен үчөөнүн абалы - оор, алар реанимацияда. Эки бейтап - Өзгөн районунда, бир бейтап - Сузак районунда", - Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.

ЦИТАТА: Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан жарандардын саны – 4886.  Үй карантинде көзөмөлдөнүп жаткан жарандардын саны – 3338.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ: “Коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкерлери ишке тартылышты. Бир күн ичинде коменданттык саат учурунда мыйзам бузгандардын 67 учуруна протокол түзүлдү. Жалпы шаар боюнча 28 кылмыш иши козголду анын ичинен 21 ачылды”,- Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Ош облусунда коменданттык саат убагында 28-марттын саат 20:00дөн 29-марттын саат 07:00гө чейинки убагында коменданттык эрежелерди 27 адам бузду. Алардын айрымдары үйлөрүнө бара жатып кечигип калгандар, кээси коменданттык саатты билбей чыгып алгандар. “Жалпы Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында коомдук саясий абал туруктуу. Олуттуу мыйзам бузулган учурлар катталган жок”, - Кара-Суу, Ноокат райондору жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов.

Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында 28-марттан 29-мартка караган түнү коменданттык саат убагында коменданттык эрежелерди 76 адам бузду. 4 автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулду. “Жалпы Жала-Абад облусу боюнча 16 кылмыш иши катталып, бардыгы ачылды. Анын ичинен бирөөсү такталбаган жалган маалымат тараткан учур болду”, - деп билдирди Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Ж.Жоробеков.

КЕЧЭЭ Россияда коронавируска каршы дары табылгандыгы кабарланды. “Фармзащита” илимий-өндүрүштүк борбору кытайлыктардын жана француздардын COVID-19ду дарылоо тажрыйбасына таянуу менен, малярияга каршы мефлохин дарысынын негизинде коронавирустук инфекцияны дарылоо схемасын таап, коомчулукка тартуулады. “Фармзащита” илимий-өндүрүштүк борборунун жетекчиси Вероника Скворцова бул дары коронавирустун клекткалык деңгээлдеги эффектисине бөгөт коёт, мефлохин болсо вирустан соң пайда болчу ылаңдардын активдүүлүгүн өчүрөт. “Бул коронавируска чалдыккан оорулууларды, кандай даражада болбосун, эффективдүү дарылоого шарт түзөт”,- деди ал.

28-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар597 072 (бир суткада 125 554 адам кошулду)

Каза тапкандар: 27 360 (+ 3 161)

Айыгып чыккандар: 131 698 (+ 17 254)

Кыргызстанда бүгүн саат 14.00гө карата маалымат боюнча – коронавирус илдетин жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Учурда 58 адамда вирус бар экендиги тастыкталып, дарыланып жатышат. Алардын ичинен:

- Жалал-Абад облусунда – 26

- Ош облусунда – 27

- Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)

- Баткен облусунда – 1

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыкта коронавирус табылган. Алардын ичинен:

- Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Аравиясынын Жидда шаарына барып келген);

- Пакистанда – 3 жаран;

- Испанияда – 1 жаран.

“Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, - коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматова.

ЦИТАТА: ““Ушул тапта Кыргызстандын Өкмөтү эмгек акылар, жөлөк пулдар боюнча бардык төлөөлөрдү жана бюджеттин башкы чыгашаларын каржылоолорду өз убагында жүргүзүүдө. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз”, - Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.

ЦИФРА: Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен $120,9 млн алат.

- Анын ичинен коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн $80,6 млн Тез каржылоо аспабы боюнча (RFI) жана $40,3 млн Тез кредиттөө ыкмасынын алкагында (RCF) берилди.

- Өзгөчө финансылык жардамга сурам COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жактырылган. Бул донордук колдоо көрсөтүүлөрдү шыктандырууга жана саламаттыкты сактоонун негизги чыгымдарына акысыз ресурс бөлгөнгө жардам берет.

- Бул дүйнө жүзү боюнча пандемиянын башталышы менен Эл аралык валюта фондунун RFI/RCF алкагындагы алгачкы өзгөчө насыясы.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ: “27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран жана 3 өспүрүм”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

ЖАРАНДАРДАН ЖАРДАМ: 2020-жылдын 27-мартына (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом акча каражаттар түштү.

Ачылган эсептер:

1). Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар», БИК 440001 администрацияланган эсеби;

2). «РСК Банк» ААК

№ 1299004130020044 «COVID-19 менен күрөшүүнү колдоого акча каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын эсеби (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 129001;

3). «Айыл Банк» ААК

№ 1352119927702865 «Ыктыярдуу төлөмдөр үчүн бирдиктүү эсеп (COVID) (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 135001.

Акча каражаттарын чегерүү үчүн “14 511 100 – Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер” элементинин кодун пайдалануу зарыл.

27-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар531 700 (бир суткада 66 787 адам кошулду)

Каза тапкандар: 24 199 (+ 2 906)

Айыгып чыккандар: 123 551 (+ 9 107)

Кыргызстанда бүгүн саат 9.00гө карата маалымат боюнча – коронавирус илдетин жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Учурда 44 адам вирус менен ооруп жатса, аларды 6сынын абалы оор, реанимациялык бөлүмдөрдө жатат. 10 адамдын абалы орточо оор катары бааланууда.

ЦИТАТА: “Азыркы учурда Жибек Жолу, Осмонкул, Салиев, Курманжан датка, 7-апрель көчөлөрү менен чектешкен аймактарда санэпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, буга байланыштуу бул аймактарда транспорт кыймылы чектелет. Карантиндик тилкелер бара-бара башка тилкелерге алмашылат”,- Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

ЦИФРА: Коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында борбор калаада жалпы 117 санитардык-карантиндик пост уюштурулган. Анын ичинен, шаардын кире бериш жерлеринде 15 чоң пост, 26 санитардык-карантиндик пост жана 76 кичине блок пост коюлду.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ: 26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран...

26-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 471 518 (бир суткада 53 552 адам кошулду)

Каза тапкандар: 21 293 (+ 2 678)

Айыгып чыккандар: 114 444 (+ 6 739)

Кыргызстанда бүгүн саат 9.00гө карата маалымат боюнча – коронавирус илдетин жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Учурда 44 адам вирус менен ооруп жатса, аларды 6сынын абалы оор, реанимациялык бөлүмдөрдө жатат. 10 адамдын абалы орточо оор катары бааланууда.

ЦИТАТА: “Коронавирус жаңы вирус болгондуктан, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн окумуштуулары вирусту изилдеп жатышат. Изилдөөлөргө таянып айтсак, 60 жаштан жогорку курактагы адамдарга вирустун зыяны көбүрөөк таасир этет деген аныктоолор бар. Бизде жаш өспүрүмдөр дагы коронавируска кабылган учурлар катталды, бирок, алардын абалы азыркы учурда канааттандырарлык”, - Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

ЦИФРА: Коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 25-марты (саат 17.00) 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү.

ххх

24-МАРТ

Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

- Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада

- Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында

- Ноокат аймактык ооруканасында

- Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында

- Баткен облустук бириккен ооруканасында

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды:

6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;

14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;

Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 381 499 (бир суткада 45 502 адам кошулду)

Каза тапкандар: 16 557 (+ 1 916)

Айыгып чыккандар: 101 794 (+ 3 140)

ЭСКЕ ТҮЙ: 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет. Коменданттык саат киргизилет. ӨЗГӨЧӨ АБАЛ ЭМНЕ? КАНДАЙ ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛЕТ? Анын баарын сайтыбыздагы макалалардан биле аласыз...

Саат 18.00гө кара маалымат:

Ноокат районунда коронавирус жуктурган дагы 2 адам катталды

COVID-19 боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, коронавирустук инфекцияга кабылган адамдар - Ноокат районунан. Эркек жана аял, экөө тең 1960-ж. туулган.

Булар да кичи ажылыктан кайтышаны белгилүү. Учурда алардын жакындары изилденүүдө.

Учурда Кыргызстанда бул вируска чалдыккандардын саны – 16 адам

“Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирет.

“Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тротуарда жаткан эркектин видеосу тараган. 

Бул учур боюнча Бишкек шаарынын ыкчам медицина борборуна, 2020-жылдын саат 15.08де Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген.

Дарыгерлер ал адамды текшерген учурда андан спирт ичимдигин ашыкча колдонгондугу аныкталган жана үйүнө жеткирилген.

Мындай жалган маалыматтарды таратпоону жана эл арасына дүрбөлөң салбоону суранабыз”,- делет маалыматта.

 23-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

 Ооруга чалдыккандар - 335997 (бир суткада 28 720 адам кошулду)

 Каза тапкандар: 14 641 (+ 1 593)

 Айыгып чыккандар: 98 333 (+ 5 961)

 Кыргызстанда:

 - Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды, алардын ичинен кичи ажылыктан кайтып келген 7 эркек жана 6 аял, ошондой эле дагы 1 эркек Франциядан учуп келген. ). Бейтаптардын жаш-курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2628 адам.

 Учурда КР Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, өлкө аймагына ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ режими киргизилген.

- ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дизинфекциялоодо.

- Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.

- "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигип жатат. 6000 беткап даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүндү.

- Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун 6500ден ашык тартип сакчы камсыз кылууда, ИИМдин жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

- “Санитардык-карантиндик посттордон бир да жаранды өткөрбөй жатышат” жана “Кыргызстан боюнча интернет өчүрүлөт” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кимде-ким жалган маалыматтарды атайылап таратса, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

- Беткап жана антисептиктерге суроо-талап көп болуп жаткандыктан Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерге 100 миң даана беткап чыгаруу буйрутмасы берилди.

- Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанда адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

- Ирандан чыккан кыргыз жүк ташуучуларынын 60 айдоочусу менен туруктуу негизде байланыш түзүлдү.

 Республикалык штаб: “Кыргызстандыктарды түшүнүүгө жана тынчтыкка, ал эми айрым ММКларды кырдаалды курчутпоого чакырабыз!”

“Коронавирусттук инфекциянын жайылышына байланыштуу азыр бүткүл дүйнө жүзүндө абал татаал болуп турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Биз баарыбыз жарандарыбыздын коопсуздугуна коркунуч жараткан бул олуттуу маселеге чогуу каршы турушубуз керек. 

Азыр баарыбыз күчүбүздү бириктирип, бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл. Ошондой эле тартипти сактоону жана дүрбөлөңгө түшпөөнү унутпоого тийишпиз.  

Биз бардык кыргызстандыктарды, журналисттерди, блогерлерди жана социалдык тармактардын колдонуучуларын өлкөдөгү кырдаалды курчутпоого, эмоцияга алдырбай, мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. 

Биз жагдай азыркыдан дагы оор болуп калышы мүмкүн экенин унутпашыбыз керек. Ар бир адам өзүнүн жакынын алдындагы жоопкерчилигин түшүнүп, үйдөн чыкпай, гигиена эрежелерин сактоого тийиш.  

Азыр бардык кыргызстандыктар үчүн оңой болгон жок. Айрыкча катардагы дарыгерлерге, медайымдарга, вирусологдорго жана башка ыкчам кызматтардын адистерине. Биз алардын өз жанын аябагандыгы, кайраты, элине берилгендиги жана баарыбыздын коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн саат сайын туш болгон тобокелдиктердин алдындагы тайманбастыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Ушул кыйын учурда аларга жана мамлекетке ар бириңиздердин колдооңуздар маанилүү. Биз баарыбыз биримдикте медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүүгө, аларды жөнсүз айыптоо менен ансыз да жеңил эмес жагдайды курчутпоого тийишпиз. 

Обсервация жана карантин жайларындагы жарандарды сабырдуу болууга, болгон шарттарга түшүнүү жана чыдамкайлык менен мамиле кылууга чакырабыз. Мамлекет жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттин жумшап жатат. Биз сиздерге бекем ден соолук жана кайраттуулукту каалайбыз. 

Биз массалык маалымат каражаттарына коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларды ыкчам жана кеңири чагылдыруулары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок, тилекке каршы, айрым журналисттер жана ММКлар жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатып, дүрбөлөң салып, республикада кырдаалды курчуткан учурлар бар”- делет Республикалык штабтын билдирүүсүндө. 

Үй карантини эрежелерин бузуп, тышка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат!

КР Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Ага онлайн режиминде КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Жыйын учурунда белгиленгендей, өкмөт коронавирустук инфекциянын жайылуусун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантышууда. 

Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун тарашына жол бербөө максатында тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти. 

Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкөдө карантин жарыяланып, адамдардын шаар, район жана өлкө боюнча жүрүүсүн чектөө үчүн өзгөчө кырдаал киргизилди. Себеби бул адамдардын байланыштарын кыскартууга, демек вирустун жайылышына жол бербөөгө шарт түзөт. 

Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө кырдаал кыймылга чектөө чараларын камтый турганын эскертип, коомчулук көрүлгөн убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылып жатышканын белгиледи: “Өлкөнүн бардык облустарында санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар адамдардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтөт. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун түшүнүү менен кабыл алуулары керек. Инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өтө зарыл болбосо адамдар үйүнөн чыкпашы кажет”.

Жыйындын катышуучуларына билдиришкендей, түзүлгөн кырдаалды эске алынып учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана социалдык жактан алсыз үй-бүлөлөрдү колдоо маселеси каралууда. 

Мындан тышкары мекенине кайтып келе турган бардык мекендештерибизден санитардык-көзөмөл жайларынын кызматкерлери текшерүүгө мазок алышат. 

Жыйында белгилегендей, үй карантини эрежелерин бузуп, тышка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. 

Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү рейддерди өткөрүп, Өкмөттүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимин аткарууну көзөмөлдөп турушат.

Вакцинаны иштеп чыгуу бир жылдык убакытты алат

Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бул туурасында Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунан билдиришти.

Потенциалдуу вакцина менен миллиарддаган адам эмделет, ошондуктан өзгөчө сактык камсыздалат. Анткени ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбөөгө тийиш.

“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташат”, - деп билдирди ДССУ программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан.

Кыргызстан коронавирусту тез аныктоочу 5000 экспресс-тест сатып алды

Экспресс-тесттер республиканын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу жана болтурбоо боюнча КР Каржы министрлигинде ачылган атайын эсептик каражатка сатылып алынды.

Экспресс-тесттин салттык тестирлөө ыкмалардан артыкчылыгы - жөнөкөйлүгүндө, арзандыгында жана жыйынтыгынын тез чыгышында.

Бул тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирустун бар экендигин аныктоого жана республикада вирустун жайылышын таратпоого артыкчылык берет.

Серологиялык реакция улана берсе, милдеттүү түрдө ПЦР анализ жүргүзүлөт.

Адистер учурда коронавирусту дал ушул экспресс-тесттердин жардамы менен аныктай башташты.

Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жаңы коронавирусту аныктоодо оң тажрыйбаларын көрсөткөн.

Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет!

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында: “Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат деп сиздерди ишендирип кетем. Башкысы, кымбаттуу мекендештер, инфекциянын жайылышын токтотуу максатында киргизилип жаткан эрежелерди сакташыңыздар керек”,- деп белгиледи.

Премьер-министр өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө токтолду: “Баары эртеңки күн кандай болот деп тынчсызданып жатышат. Бирок мен, премьер-министр катары баса көрсөткүм келет, көп нерсе биздин биргелешкен иш-аракеттерден жана жөнгө салынган ишибизден көз каранды. Тамак-аш продуктулары, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармектер өлкөдө жетиштүү. Биз алдын алуу мезгилинде жетиштүү көлөмдө запастарды камдап алдык. Ал эми жүк ташуу жана импорттоо мурдагы режимде ишке ашырылып жатат. Товар ташуу боюнча эч кандай маселе жок. Бардык өндүрүштүк ишканалар жана муниципалдык органдар ишин улантып жатышат. Ири соода жана мал базарлар гана жабылды, себеби бул жерлерге эл көп барат. Ар бир райондун же облустун кире беришинде санитардык-эпидемиялык посттор орнотулуп жатат. Мен жарандарды өтө зарыл болбосо сапарларга чыгуудан карманып турууга чакырам”.

“Бүгүнкү күндө эң башкысы - бул тартип жана жоопкерчилик. Эгерде бир эл катары бириксек, бардык кыйынчылыктарды жана сыноолорду жеңе алабыз. Бүгүнкү күнү баарыбыз бул илдетке каршы күрөшүп жатабыз. Ооба, жаңы эрежелерди сактоо оңойго турбайт, бирок бул жеңиш үчүн жалгыз жол - биз башкаларга зыян келтирбеш үчүн бардык аракетибизди жумшоого тийишпиз!”, - деп жыйынтыктады премьер-министр.  

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить