28-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар597 072 (бир суткада 125 554 адам кошулду)

Каза тапкандар: 27 360 (+ 3 161)

Айыгып чыккандар: 131 698 (+ 17 254)

Кыргызстанда бүгүн саат 14.00гө карата маалымат боюнча – коронавирус илдетин жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Учурда 58 адамда вирус бар экендиги тастыкталып, дарыланып жатышат. Алардын ичинен:

- Жалал-Абад облусунда – 26

- Ош облусунда – 27

- Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)

- Баткен облусунда – 1

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыкта коронавирус табылган. Алардын ичинен:

- Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Аравиясынын Жидда шаарына барып келген);

- Пакистанда – 3 жаран;

- Испанияда – 1 жаран.

“Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, - коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматова.

ЦИТАТА: ““Ушул тапта Кыргызстандын Өкмөтү эмгек акылар, жөлөк пулдар боюнча бардык төлөөлөрдү жана бюджеттин башкы чыгашаларын каржылоолорду өз убагында жүргүзүүдө. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз”, - Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.

ЦИФРА: Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен $120,9 млн алат.

- Анын ичинен коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн $80,6 млн Тез каржылоо аспабы боюнча (RFI) жана $40,3 млн Тез кредиттөө ыкмасынын алкагында (RCF) берилди.

- Өзгөчө финансылык жардамга сурам COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жактырылган. Бул донордук колдоо көрсөтүүлөрдү шыктандырууга жана саламаттыкты сактоонун негизги чыгымдарына акысыз ресурс бөлгөнгө жардам берет.

- Бул дүйнө жүзү боюнча пандемиянын башталышы менен Эл аралык валюта фондунун RFI/RCF алкагындагы алгачкы өзгөчө насыясы.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ: “27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран жана 3 өспүрүм”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

ЖАРАНДАРДАН ЖАРДАМ: 2020-жылдын 27-мартына (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом акча каражаттар түштү.

Ачылган эсептер:

1). Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар», БИК 440001 администрацияланган эсеби;

2). «РСК Банк» ААК

№ 1299004130020044 «COVID-19 менен күрөшүүнү колдоого акча каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын эсеби (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 129001;

3). «Айыл Банк» ААК

№ 1352119927702865 «Ыктыярдуу төлөмдөр үчүн бирдиктүү эсеп (COVID) (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 135001.

Акча каражаттарын чегерүү үчүн “14 511 100 – Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер” элементинин кодун пайдалануу зарыл.

27-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар531 700 (бир суткада 66 787 адам кошулду)

Каза тапкандар: 24 199 (+ 2 906)

Айыгып чыккандар: 123 551 (+ 9 107)

Кыргызстанда бүгүн саат 9.00гө карата маалымат боюнча – коронавирус илдетин жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Учурда 44 адам вирус менен ооруп жатса, аларды 6сынын абалы оор, реанимациялык бөлүмдөрдө жатат. 10 адамдын абалы орточо оор катары бааланууда.

ЦИТАТА: “Азыркы учурда Жибек Жолу, Осмонкул, Салиев, Курманжан датка, 7-апрель көчөлөрү менен чектешкен аймактарда санэпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, буга байланыштуу бул аймактарда транспорт кыймылы чектелет. Карантиндик тилкелер бара-бара башка тилкелерге алмашылат”,- Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

ЦИФРА: Коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында борбор калаада жалпы 117 санитардык-карантиндик пост уюштурулган. Анын ичинен, шаардын кире бериш жерлеринде 15 чоң пост, 26 санитардык-карантиндик пост жана 76 кичине блок пост коюлду.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ: 26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран...

26-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 471 518 (бир суткада 53 552 адам кошулду)

Каза тапкандар: 21 293 (+ 2 678)

Айыгып чыккандар: 114 444 (+ 6 739)

Кыргызстанда бүгүн саат 9.00гө карата маалымат боюнча – коронавирус илдетин жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Учурда 44 адам вирус менен ооруп жатса, аларды 6сынын абалы оор, реанимациялык бөлүмдөрдө жатат. 10 адамдын абалы орточо оор катары бааланууда.

ЦИТАТА: “Коронавирус жаңы вирус болгондуктан, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн окумуштуулары вирусту изилдеп жатышат. Изилдөөлөргө таянып айтсак, 60 жаштан жогорку курактагы адамдарга вирустун зыяны көбүрөөк таасир этет деген аныктоолор бар. Бизде жаш өспүрүмдөр дагы коронавируска кабылган учурлар катталды, бирок, алардын абалы азыркы учурда канааттандырарлык”, - Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

ЦИФРА: Коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 25-марты (саат 17.00) 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү.

ххх

24-МАРТ

Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

- Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада

- Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында

- Ноокат аймактык ооруканасында

- Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында

- Баткен облустук бириккен ооруканасында

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды:

6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;

14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;

Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

Ооруга чалдыккандар – 381 499 (бир суткада 45 502 адам кошулду)

Каза тапкандар: 16 557 (+ 1 916)

Айыгып чыккандар: 101 794 (+ 3 140)

ЭСКЕ ТҮЙ: 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет. Коменданттык саат киргизилет. ӨЗГӨЧӨ АБАЛ ЭМНЕ? КАНДАЙ ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛЕТ? Анын баарын сайтыбыздагы макалалардан биле аласыз...

Саат 18.00гө кара маалымат:

Ноокат районунда коронавирус жуктурган дагы 2 адам катталды

COVID-19 боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, коронавирустук инфекцияга кабылган адамдар - Ноокат районунан. Эркек жана аял, экөө тең 1960-ж. туулган.

Булар да кичи ажылыктан кайтышаны белгилүү. Учурда алардын жакындары изилденүүдө.

Учурда Кыргызстанда бул вируска чалдыккандардын саны – 16 адам

“Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирет.

“Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тротуарда жаткан эркектин видеосу тараган. 

Бул учур боюнча Бишкек шаарынын ыкчам медицина борборуна, 2020-жылдын саат 15.08де Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген.

Дарыгерлер ал адамды текшерген учурда андан спирт ичимдигин ашыкча колдонгондугу аныкталган жана үйүнө жеткирилген.

Мындай жалган маалыматтарды таратпоону жана эл арасына дүрбөлөң салбоону суранабыз”,- делет маалыматта.

 23-мартка карата дүйнө жүзү боюнча:

 Ооруга чалдыккандар - 335997 (бир суткада 28 720 адам кошулду)

 Каза тапкандар: 14 641 (+ 1 593)

 Айыгып чыккандар: 98 333 (+ 5 961)

 Кыргызстанда:

 - Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды, алардын ичинен кичи ажылыктан кайтып келген 7 эркек жана 6 аял, ошондой эле дагы 1 эркек Франциядан учуп келген. ). Бейтаптардын жаш-курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2628 адам.

 Учурда КР Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, өлкө аймагына ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ режими киргизилген.

- ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дизинфекциялоодо.

- Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.

- "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигип жатат. 6000 беткап даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүндү.

- Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун 6500ден ашык тартип сакчы камсыз кылууда, ИИМдин жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

- “Санитардык-карантиндик посттордон бир да жаранды өткөрбөй жатышат” жана “Кыргызстан боюнча интернет өчүрүлөт” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кимде-ким жалган маалыматтарды атайылап таратса, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

- Беткап жана антисептиктерге суроо-талап көп болуп жаткандыктан Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерге 100 миң даана беткап чыгаруу буйрутмасы берилди.

- Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанда адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

- Ирандан чыккан кыргыз жүк ташуучуларынын 60 айдоочусу менен туруктуу негизде байланыш түзүлдү.

 Республикалык штаб: “Кыргызстандыктарды түшүнүүгө жана тынчтыкка, ал эми айрым ММКларды кырдаалды курчутпоого чакырабыз!”

“Коронавирусттук инфекциянын жайылышына байланыштуу азыр бүткүл дүйнө жүзүндө абал татаал болуп турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Биз баарыбыз жарандарыбыздын коопсуздугуна коркунуч жараткан бул олуттуу маселеге чогуу каршы турушубуз керек. 

Азыр баарыбыз күчүбүздү бириктирип, бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл. Ошондой эле тартипти сактоону жана дүрбөлөңгө түшпөөнү унутпоого тийишпиз.  

Биз бардык кыргызстандыктарды, журналисттерди, блогерлерди жана социалдык тармактардын колдонуучуларын өлкөдөгү кырдаалды курчутпоого, эмоцияга алдырбай, мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. 

Биз жагдай азыркыдан дагы оор болуп калышы мүмкүн экенин унутпашыбыз керек. Ар бир адам өзүнүн жакынын алдындагы жоопкерчилигин түшүнүп, үйдөн чыкпай, гигиена эрежелерин сактоого тийиш.  

Азыр бардык кыргызстандыктар үчүн оңой болгон жок. Айрыкча катардагы дарыгерлерге, медайымдарга, вирусологдорго жана башка ыкчам кызматтардын адистерине. Биз алардын өз жанын аябагандыгы, кайраты, элине берилгендиги жана баарыбыздын коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн саат сайын туш болгон тобокелдиктердин алдындагы тайманбастыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Ушул кыйын учурда аларга жана мамлекетке ар бириңиздердин колдооңуздар маанилүү. Биз баарыбыз биримдикте медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүүгө, аларды жөнсүз айыптоо менен ансыз да жеңил эмес жагдайды курчутпоого тийишпиз. 

Обсервация жана карантин жайларындагы жарандарды сабырдуу болууга, болгон шарттарга түшүнүү жана чыдамкайлык менен мамиле кылууга чакырабыз. Мамлекет жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттин жумшап жатат. Биз сиздерге бекем ден соолук жана кайраттуулукту каалайбыз. 

Биз массалык маалымат каражаттарына коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларды ыкчам жана кеңири чагылдыруулары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок, тилекке каршы, айрым журналисттер жана ММКлар жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатып, дүрбөлөң салып, республикада кырдаалды курчуткан учурлар бар”- делет Республикалык штабтын билдирүүсүндө. 

Үй карантини эрежелерин бузуп, тышка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат!

КР Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Ага онлайн режиминде КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Жыйын учурунда белгиленгендей, өкмөт коронавирустук инфекциянын жайылуусун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантышууда. 

Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун тарашына жол бербөө максатында тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти. 

Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкөдө карантин жарыяланып, адамдардын шаар, район жана өлкө боюнча жүрүүсүн чектөө үчүн өзгөчө кырдаал киргизилди. Себеби бул адамдардын байланыштарын кыскартууга, демек вирустун жайылышына жол бербөөгө шарт түзөт. 

Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө кырдаал кыймылга чектөө чараларын камтый турганын эскертип, коомчулук көрүлгөн убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылып жатышканын белгиледи: “Өлкөнүн бардык облустарында санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар адамдардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтөт. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун түшүнүү менен кабыл алуулары керек. Инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өтө зарыл болбосо адамдар үйүнөн чыкпашы кажет”.

Жыйындын катышуучуларына билдиришкендей, түзүлгөн кырдаалды эске алынып учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана социалдык жактан алсыз үй-бүлөлөрдү колдоо маселеси каралууда. 

Мындан тышкары мекенине кайтып келе турган бардык мекендештерибизден санитардык-көзөмөл жайларынын кызматкерлери текшерүүгө мазок алышат. 

Жыйында белгилегендей, үй карантини эрежелерин бузуп, тышка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. 

Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү рейддерди өткөрүп, Өкмөттүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимин аткарууну көзөмөлдөп турушат.

Вакцинаны иштеп чыгуу бир жылдык убакытты алат

Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бул туурасында Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунан билдиришти.

Потенциалдуу вакцина менен миллиарддаган адам эмделет, ошондуктан өзгөчө сактык камсыздалат. Анткени ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбөөгө тийиш.

“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташат”, - деп билдирди ДССУ программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан.

Кыргызстан коронавирусту тез аныктоочу 5000 экспресс-тест сатып алды

Экспресс-тесттер республиканын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу жана болтурбоо боюнча КР Каржы министрлигинде ачылган атайын эсептик каражатка сатылып алынды.

Экспресс-тесттин салттык тестирлөө ыкмалардан артыкчылыгы - жөнөкөйлүгүндө, арзандыгында жана жыйынтыгынын тез чыгышында.

Бул тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирустун бар экендигин аныктоого жана республикада вирустун жайылышын таратпоого артыкчылык берет.

Серологиялык реакция улана берсе, милдеттүү түрдө ПЦР анализ жүргүзүлөт.

Адистер учурда коронавирусту дал ушул экспресс-тесттердин жардамы менен аныктай башташты.

Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жаңы коронавирусту аныктоодо оң тажрыйбаларын көрсөткөн.

Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет!

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында: “Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат деп сиздерди ишендирип кетем. Башкысы, кымбаттуу мекендештер, инфекциянын жайылышын токтотуу максатында киргизилип жаткан эрежелерди сакташыңыздар керек”,- деп белгиледи.

Премьер-министр өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө токтолду: “Баары эртеңки күн кандай болот деп тынчсызданып жатышат. Бирок мен, премьер-министр катары баса көрсөткүм келет, көп нерсе биздин биргелешкен иш-аракеттерден жана жөнгө салынган ишибизден көз каранды. Тамак-аш продуктулары, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармектер өлкөдө жетиштүү. Биз алдын алуу мезгилинде жетиштүү көлөмдө запастарды камдап алдык. Ал эми жүк ташуу жана импорттоо мурдагы режимде ишке ашырылып жатат. Товар ташуу боюнча эч кандай маселе жок. Бардык өндүрүштүк ишканалар жана муниципалдык органдар ишин улантып жатышат. Ири соода жана мал базарлар гана жабылды, себеби бул жерлерге эл көп барат. Ар бир райондун же облустун кире беришинде санитардык-эпидемиялык посттор орнотулуп жатат. Мен жарандарды өтө зарыл болбосо сапарларга чыгуудан карманып турууга чакырам”.

“Бүгүнкү күндө эң башкысы - бул тартип жана жоопкерчилик. Эгерде бир эл катары бириксек, бардык кыйынчылыктарды жана сыноолорду жеңе алабыз. Бүгүнкү күнү баарыбыз бул илдетке каршы күрөшүп жатабыз. Ооба, жаңы эрежелерди сактоо оңойго турбайт, бирок бул жеңиш үчүн жалгыз жол - биз башкаларга зыян келтирбеш үчүн бардык аракетибизди жумшоого тийишпиз!”, - деп жыйынтыктады премьер-министр.  

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить