Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган акыркы эки жигиттин бири 24 жана экинчиси 26 жашта. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Франциядан учуп келген 24 жаштагы кыргыз жараны "Манас" эл аралык аэропортундагы обсервацияда болгон. Ал эми, экинчиси, кичи ажылыктан кайткан 26 жаштагы кыргыз жараны Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында изоляцияга алынган.

Учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 14 кишиге жетти.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур тууралуу 18-мартта белгилүү болгон.

22-марттан тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилүүдө.

Булак: Кабар