Печать
Категория: Коом
Просмотров: 195

Кыргызстан демократиялык кыймылынын 
30 жылдыгын уюштуруп, өткөрүү 
боюнча уюштуруу тобунун 
мүчөлөрүнүн  Президент
С.Ш.Жээнбековго 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Биздин муун Советтер Союзунда жашап, анын жакшылыгын да, кемчилигин да баштан өткөргөнбүз. Далай өксүктүн ичинен улуттук баалуулуктар менен наркыбыздын унутулуп өнүкпөй калышы эң эле ооруксунткан жана улуттук ар-намысты тепселеген кесепет болгон. Ооба, 1985-жылы расмий деңгелде кайра куруу саясаты жарыяланса да, Кыргыз ССРнин жетекчилиги каканактаган улуттук кызыкчылык көйгөйлөрүн чечүүчү өзгөрүүлөргө барбастан, Маскөөгө кылчактап, “туруктуу жумурият” экенин жарыялап, тутана калган кичинекей демилгелерди да басып “белгисиз жумурият” аталды. Ал заманда коомдогу чыңалууну жумшарткан, тынч демократиялык өнүгүү жолун шарттаган кыймыл 1989-жылы башталган. Өз Атамекенинде түтүн булаткан ордосу жок каңгып калган ондогон миң жаштар “жер алып, үй куруу” демилгесин көтөргөнүн  танууга болбойт.
Ушундай тарыхый абалда жаштардын туңгуч уюму Республика атынан бүткүл союздук демократиялык кыймылга мүчө болгондо Компартия куугунтукка алып, алар 1990-жылы алгачкы саясый митингдерди уюштурушкан. Мамлекеттик тилдин кабыл алынуусуна миңдеген кол тамга топтошкон. Биринчи демократиялык шайлоодо бийлик адамдарына каршы өз талапкерлерин алып чыгышкан. Бул жышаандар борбордогу коомчулукка - интеллигенцияга, студенттерге, завод, фабрикада иштешкен жаш улуттук жумушчу табына, карапайым атуулдарга - шык жана дем берип, 1990-жылдын 26-майында көптөгөн уюмдар жана жеке жарандар биригип Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) түптөшкөн. Кыргызстанда КДК баштаган коомдук-саясый демилге жалпы элдик кыймылга айланган.
КДКнын демилгеси менен Кыргызстандын тарыхый жаңы тагдырына багытталган орчунду иштер аткарылган: 

Андан берки тарыхыбыздын оош-кыйыштары баардыгыбыздын көз алдыбызда өттү. Орошон ийгиликтер менен катар өкүнөрлүк кемчиликтер болуп келатат. Бирок, элдин үмүтү күнкорсуз мамлекетибиздин эркин өсүп өнүгүүсүнөн үзүлбөйт жана алга умтулуусу улантыла берет. Анткени, азаттыктын алгачкы жылдарындагы жалпы элдин аруу тилегин, айкын максатын, жаркын келечегин туюнтуп келген дем менен кайрат элибизде соолбостон жашап жатат. Аны биз баарыбыз чогуу - бийлик менен эл биргеликте - сүрөөндөй берүүбүз керек. 
Даңазалуу КДКнын 30 жылдык маарекесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү буга кубаттуу шыкак болуп калмакчы.
Азаттыктын таңындагы жаркын максаттар, аруу тилектер биздин көкүрөгүбүз азыр да ошол деңгээлинде жашап жатат. 
Мамлекетибизди бакубаттуу келечекке алып баруудагы Сиздин, урматтуу Президент,  аракеттериңизди колдойбуз!
 Сизди терең урматто менен, 
Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын 30 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу топтун мүчөлөрү: 
Тургуналиев Топчубек, Муканбетов Сабыр, Жусупова Ракыя, Тынчтыкбек Чоротегин, Жекшеев Жыпар, Базарбаев Чапырашты, Нусупов Дөөлөт, Садыр уулу Жумагазы, Сапар Мурзакулов, Турсунбек Акун, Майрамбек Чекиров,Жоошбаев Назаркул


Булак: "Майдан.kg" газетасы