Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) бардык стационардык постторунда инспекторлор планшет колдоно баштады. Бул туурасында ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) бардык стационардык постторунда инспекторлор планшет колдоно баштады
Анын жардамы менен жасалма номерлерди, унаанын уурдалганын же издөөдө экенин билүүгө болот. Ошондой эле айып пулду төлөбөй жүргөндөр дароо аныкталат.

Мисалы, айдоочу токтом колуна тийгенден кийин дагы беш же андан көп айыпты убактысын өткөрүп төлөбөй жүргөн болсо, автоунаа айып короого токтотулат.

"Планшеттер жакында эле колдонула баштагандыктан, инспекторлор айдоочуларга айып пулду убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетирип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, башкармалыктан ушул тапта ишеним кат менен айдалып жүргөн 800 автоунаанын биринчи ээлери арыз менен кайрылганын айтышты. Учурда инспекторлор дал ошол унаалардын азыркы кожоюндарын издөөдө.


sputnik.kg