Башта Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын Чыныбай Турсунбековго сатууну убада кылып, бирок, бийлик менен кылмыш иштерин чечишүүгө киришкенде оюн өзгөртүптүр. Көп өтпөй Мирлан Жээнчороевди лидер кылып шайлап койду...

Иш жүзүндө Бабанов күзгө чейин соттолуп кетпей бийликти алдап, алаксытып турса, анан саясатка кайра киришери, “кой терисин” чечип ыргытары болжонууда. Кырдаал чыңалганда секирип чыга калбай жаны жокпу? Бирок, Акүйдөгү төбөлдөр деле алдана койбостур...

Ошентип, Бабановдон көңүлү калган Турсунбеков кайсы саясый күчтөргө кошуларын билбей, башы маң болуп жаткан кези экен. Оппозицияга оосо кылмыш иши козголот, а бийлик менен пикири келишпей калган да. “Оңго барса аты өлөт, солго барса өзү өлөт” дегендей эле икаяны эстейсиң...

Aryba.kg