Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

Нurriyet басылмасынын жазганына караганда  Түркиянын Анталия шаарында денесин сатып иштеген кыздарды кармоо операциясында 22 кыз колго түшкөн. Алардын арасында он кыз чет өлкөдөн келгендер болуп чыккан.

Анда айтылгандай кыздар үйдө, жатакана жана мейманканаларда сойкулукка мажбурланып иштеп келишкен. 10 чет өлкөлүк кыздардын бирөө Кыргызстандын, бешөө Өзбекстандын, үчөө Түркмөнстандын  жана Марокконун бир жараны бар. Тинтүү маалында үйлөрдөн 15 миң лира, 5 миң евро жана 5 миң 500 доллар табылды.

Чет өлкөлүк кыздар эми мекендерине депортацияланат.