Сөз эркиндиги кээ бир жарандар гана үчүн эмес жалпы коомго таандык, бирок ММКлар да өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасоосу керек. 

Мындай пикирин саясатчы Камчыбек Ташиев бир тууган Матраимовдордун "Азаттык", "Клооп" жана 24.kg агенттигине каршы жазган арызы тууралуу айтып жатып билдирди. 

"Сөз эркиндиги коррупция менен күрөшүүдөгү негизги курал. Ал мамлекеттик бийликти көзөмөлдөөгө арналат. Бирок ошол эле убакта ММКлардын өкүлдөрү да өз милдеттерине жоопкерчилик менен карашы керек. Матраимовдордун арызы боюнча айтсам эгер журналисттер чындыкка коошпогон маалымат таратса, ал маалымат кайсы бир адамдын жашоосуна терс таасирин берсе анда албетте жооп берүүсү керек. Бирок мен банк эсептерин камакка алуу шашылыш чечим болду деп эсептейм. Алгач сот угуусун өткөрүп, басылмалардын айыбын далилдеши керек эле", - дейт Ташиев. 

 Белгилей кетсек Матраимовдор аталган агенттиктерди сотко берген. Алар "Азаттыктан" 22 миллион сом, "Клооптон" 12,5 миллион сом, ал эми 24.kgден 15 миллион сом моралдык чыгым катары талап кылышкан.