Печать
Категория: Коом
Просмотров: 63

Бул тууралуу «Азаттыкка» Кодуранова кабарлады. Эл өкүлүнүн айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

- Оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу шек саналган кишиге экспертиза дайындалат, - деди ал. - Шектүү андан баш тартып койсо болот. Кечээ экс-президент баш тартты. Ал башынан эле тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Мен Ирина Юрьевна болуп дайыма мыйзам сакталышы керек экенин айтып келебиз, ошондуктан экспертизадан өттүк. Экспертиза маектешүү форматында өтүп, көп убакытты талап кылган жок. Бир нече дарыгер суроо берди.

9-декабрда Ички иштер министрлиги мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка байланыштуу шектүүлөр ушундай экспертизадан өтүшү зарыл экенин маалымдаган.

Министрлик «2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шек саналып жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесуалдык кодекстин 171-беренесинин («Экспертизаны дайындоонун негиздери») негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү» – деген кайрылуу тараткан.

ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында барымтага алуу жана жапырт баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, азыр УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, 100дөн ашуун адам жараат алган.