Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

 

Бишкектин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болгонун маалымат каражаттары жазышууда. Андагы маалыматтарга таянсак атышуудан бир нече адам жабыркаган жана төрт автоунаа жараксыз абалга жеткен. 

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери окуяны иликтөө боюнча иштеп жатышканы да айтылды. Жабыркаган автоунаалардын биринин айнегине Транспорт жана жолдор министрлигинин күбөлүгү чапталган. 

Божомолдуу маалыматтарга караганда окуя уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жаңжалынан улам келип чыккан.