Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу каты макулдугун берди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалуу боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жыл аралыгында 23 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт. «Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн электр кубатын берүү линиясынын жалпы узундугу 450 чакырымга созулат. Электр энергиясы май-сентябрь айларында берилет», - деди ал.

Андан тышкары, электр кубатын экспорттоодо азырынча тобокелчилик деле жок. Анткени, ушу тапта бир катар ГЭСтердин жабдуулары жаңыртылып жатат. Экспорттолгон электр энергиясынын ар кВт/сааты негизинен Ооганстан менен Пакистанга 5,5 центтен сатылмакчы.