Печать
Категория: Коом
Просмотров: 176

Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин мүчөсү да болуп саналат. Саясий жана мамлекеттик ишмер катары аздыр-көптүр таанылып калган. Бирок, анын ИИМдеги эмгек жолунан парламентке чейинки жолунда мыйзамсыз жасалган кадамдары, коррупцияга аралашканы көп болгонун билгендер аз эле болсо керек.

Ачык маалымат булактарына таянсак,  Ж. Бакчиев 1998-жылы «Ар-Намыс» саясий  партиясынын лидери Ф. Куловдун жакын адамдарынын бири болгон. Ал адегенде КР ИИМ министри Ф. Куловдун жардамчысы болсо, 1992-1994-жылдары мамлекеттик күзөт Башкармалыгында иштөө менен  Ф. Куловдун жеке коопсуздугун камсыздаган. Мындан сырткары, ал 1994-1997-жылдары Чүй облусунун губернатору Ф. Куловдун жардамчысы болгон. Ал эми 1997-жылы КР МНБда жетекчилик кызматка дайындалган. Жеке берилгендиги үчүн Кулов жада калса анны ИИМде түзүлгөн «Калкан» атайын бөлүмүнө дайындаган. Ошондой эле ошол кезде мыйзамды бузуу  менен милициянын сержанты Ж. Бакчиевге кезексиз түрдө майор чини берилип, подполковниктин кызматы ыйгарылган. Ал үчүн анын аскердик документи жасалган.   

Белгилей кете турганжагдай, ИИМдин алдында түзүлгөн «Калкан» атайын бөлүмүнө кызматкерлер Кулов тарабынан тандалып алынган. Ага кызматтык кылмыштары жана укук бузуулары боюнча кызматтан айдалышкан милициянын мурдагы кызматкерлери, ошондой эле криминалдык чөйрөнүн адамдары да кирип алган. Бул структура мамлекетибиздин жогорку кызматтардагы адамдарынын, ири бизнесмендердин сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз тыңшап турган. Максаты аларга каршы компроматтарды топтоп коюу болгон.

Бакчиевге кайрылып келели, ал 1999-жылы кызматтык абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айыпталып, 2000-жылы Бишкек шаарынын Аскердик соту тарабынан 7 жылга 15 миң сомдук айып пулу менен соттолгон. Бирок, амнистия боюнча мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу 2001-жылы Бакчиевдин жаза мөөнөтү кыскарган, ал эми 2002-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен соттолгондугу мөөнөтүнөн мурда алынып салынган.

Ошентип 2005-жылы март революциясы болот. Андан кийин Ж. Бакчиев Максим Бакиев менен достошуп, Мамкаттоонун төрагасы болуп дайындалат. Мындан сырткары ал мамлекеттик башка органдарда кадр маселесин чечүү мүмкүнчүлүгүн да колуна алат. Айрым маалыматтарга караганда, Ж. Бакчиев ошол учурда өзү үчүн да, Бакиевдин уулу үчүн да жакшы эле акча иштеген экен. Ал мындай ишмердүүлүгүн  2010-жылдагы апрель революциясы болуп кетпесе уланта бермек экен. Апрель революциясынан кийин да кызматта калыш үчүн ал бир нече саясий партияларга демөөрчүлүк кылган, алардын ичинде Акматбек Келдибековдун «Ата-Журт» партиясы да болгон.

Ж. Бакчиев Мамкаттоонун төрагасы болуп турган кезинде аталган ведомстводон бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүү боюнча схема иштеп чыкканын да айтып жүрүшөт. Албетте, ага М. Бакиев жана анын жакындары да кошулган. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн айта кетели, мамлекеттик номерлерди (автоунааларга) реализация кылууда цифрлардын өзгөчө комбинациясы менен «блатной номерлерди» кымбат баада сатуу схемасы менен мамлекеттик бюджеттен ири суммада каражаттарды өздөрүнүн чөнтөгүнө буруп кетишкен.

Ошондой эле ал Мамкаттоонун башында туруп, паспортторду, автоунаа номерлерин, айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо жана мыйзамсыз берүүдө өздөрүнүн чөнтөгүн калыңдатып алуу үчүн маанилүү кызматтардын баарына өзүнүн адамдарын алып келген. Мисалы, ал өзүнүн орун басары катары досу Б. Жунусовду алып келген. Б. Жунусов болсо статс-катчылык кызматка өзүнүн досу А. Дүйшөнбаевди алып келген. Мына ушундай жолдор менен Мамкаттоону өзүнүн жеке менчигиндей пайдаланган.

Ж. Бакчиевдин дагы бир коррупциялык иши катары самолет боюнча жаңжалды айтсак болот. 2011-жылы май айында Ж. Бакчиев менен А. Келдибеков Россиянын Астраханына учушкан. Ал жактан Россиянын улуттук коопсуздук жана коргонуу Кеңешинин катчысынын орун басары Нестор Шуфрич менен жолугушушкан. А. Келдибеков менен Ж. Бакчиев ошол убакта мамлекеттик жогорку кызматтарда туруп, самолетту ижарага алуу үчүн 70 миң АКШ доллары суммасында бюджеттик каражатты пайдаланып коюшканына айыпталышкан. Бирок, Н. Шуфричтин «самолеттун ижара акысы менин жеке каражатымдан төлөндү» деген маанайдагы катынан улам, экөө бул жаңжалдан оңой кутулуп кетишкен.

Ж. Бакчиевдин коррупцияга чырмалышып калганынын дагы бир ачык мисалы бул – 9 аталыштагы бланкалык продукцияларды кымбаттатылган баада сатып алуу үчүн «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча» КР мыйзамын бузуу менен «AtlasCript» ЖЧКсы менен түзгөн келишими болуп саналат. Бул боюнча убагында кылмыш иши козголгон, бирок кийин кылмыштын курамы жок экен деп Башкы прокуратура ишти токтоткон.

Маалыматтарга караганда Ж. Бакчиев мыйзамсыз баюу үчүн дагы башка жолдорду пайдаланган. Ал А. Келдибековдун «Кыргыз-Ата» партиясына демөөрчүлүк кылып жана ошол кездеги мамлекеттин жетекчилиги менен да жакындашуу менен паспортторду даярдоону контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Дагы бир фактыны айта кетпесек болбос, Ж. Бакчиев Кулов менен өтө жакын болуп жүргөн убагында бир топ мыйзам бузууларга барышкан. Мисалы, Ж. Бакчиевдин буйругу менен «Калкан» атайын бөлүмү ишке Д. Цойду ар тараптан коргоп келишкен. Себеби ал Кулов менен тендер махинацияларын чогуу жасашкан. Бир мисал – Э. Алиев аркылуу (КР өкмөтүнүн алдындагы Мамкаттоонун төрагасы кезинде) Кулов мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо жана жеткизүү рыногун жалгыз ээлеп алууга аракет кылган.

Ф. Куловдун арты менен «Интел-Линкс» ЖЧКсынын ээси Д. Цой бул тендерден уткан. 2012-жылдагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо Д. Цой «Ар-Намыс» партиясынын шайлоо алдындагы ишмердүүлүгүн каржылаган. Эгерде «Ар-Намыс» партиясы Бишкек шаардык кеңешине өтсө, анда Д. Цой бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландаган, мисалы таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу, шаардык жолдорду реконструкциялоо боюнча тендерлерге жол ачуу сыяктуу.

Мындан сырткары, Ж. Бакчиевге 24.kg маалымат агенттиги тиешелүү экени да билинди. Бул маалымат каражаты аркылуу ал Атамбаевчилер, укук коргоочулар жана ошол эле убакта бийликтеги бир катар чиновниктер менен балансты кармап турууга аракет жасап келет экен. Ал агенттикке жарыяланган материалдар аркылуу бийликке басым жасап жана өзүнө жакшы позиция кармап тургусу келет. Коомчулуктун соккусуна кабылуудан сактанат.

Мына ушундай Жаныбек Бакчиевдин таза эмес ишмердүүлүгү анын чыныгы коррупционердик жүзүн көрсөтүп турат. Ал мамлекеттик кызматтарда туруп, жеке байып алуусунун гана жолун издегени байкалат. Ал эми ЖМКны басымга кабылып калбасы үчүн жеке максаттарына гана пайдаланган. Эми коомчулук тиешелүү мамлекеттик органдар Ж. Бакчиевдин да ишмердүүлүгүнө, жогоруда айтылган фактыларга бир көңүл буруп, тиешелүү аракеттерин жасайт деген ишенимде турат.