Печать
Категория: Коом
Просмотров: 65

Бишкектеги Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча сот процесси болду. Прокурор Албек Ибраимовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга  жана   Кубанычбек Кулматовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. 

Белгилей кетсек Судья Кубанычбек Касымбеков,  прокурор Марат Абсатаров.

Ошондой эле прокурор Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Омуркановду  да 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Андан тышкары "Айкөл-Курулуш” компаниясынын башчысы Сейиткан Алиевге 15 жыл, “Альта Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеевди үй-мүлкүн конфикациялоо менен өзүн 15 жыл эркинен ажыратууну айтты. Аны менен бирге  айыптуулардын баарынын класстык чининен ажыратуу керектигин белгиледи.