Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар  ЦУМдун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышып, жаңы пандустун курулушу канчалык деңгээлде нормага дал келгендигин текшеришти.

“Назик кыз” коомунун жетекчиси Укей Мураталиева пандустун кээ бир кемчиликтерин белгилеп, “Коомдук жайлар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкташтырылса, мекемелерге кыйынчылыксыз кирүүгө шарттар түзүлсө”, - дейт ал.

Elite House курулуш компаниясынын директору Тимур Файзиев  өзү майыптык арабага отуруп пандусту текшергенге үлгүрдү. Ал жакынкы арада айтылган сунуштарды эске алып, кыска мөөнөттө пандусту оңдоого убада берди. Мындан тышкары, ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды турак жай менен камсыз кылууну көздөп жатканын жана келээрки жылдарга компаниянын планына социалдык шаарча курууну планга киргизе турганын айтты.  

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, быйыл "Майыптардын укуктары жөнүндөгү" БУУнун конвенциясы ратификацияланганын эске салды. “Конвенция ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун, ошондой эле аларды ар тараптуу колдоого багытталган”, - деди министрдин орун басары.

Атайын иш-чарага келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга компаниянын атынан белектер тапшырылып, акчалай сыйлыктар көрсөтүлдү.

КР ЭСӨМ