Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

 

«Сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда, өлкөнүн сот системасынын 95 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын башынан бери соттук-укуктук реформаны ишке киргизүү башталып, өлкөбүз жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштады.

Сот системасын санариптештирүү процесси жүрүп жатат. Реформаны ишке ашыруу багытында Жогорку соттун, Конституциялык палатанын деңгээлинде жана айрым жергиликтүү соттор тарабынан иш жүргүзүлүп жатат.

«Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүүдө. Сот системасынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы кирүүдө. Материалдык база жакшырууда. Бирок, реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө», — деп белгиледи Президент.

Ал өлкөдө адилет судьялар аз эмес экенин, ошентсе да, баары эле тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албасын белгиледи.

«Мына ушул адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болушуңар керек. Ошондо жалпы сот системасынын аброю өсөт. Чет элдик инвесторлордун өлкөбүзгө деген ишеними артат. Дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброю сот системасынын тазалыгы менен өлчөнөөрүн эсиңерден чыгарбагыла», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.