Печать
Категория: Коом
Просмотров: 77

 

Петербургдун Москва районунда 8-декабрда кечинде таксинин айдоочусуна кол салуу болгон. Жүргүнчү кыргызстандык айдоочуга бычак такап, маанайын көтөрүү үчүн ырдаган. 

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында Заставской көчөсүнүн 46-үйүнүн жанында саат 7лер чамасында полиция автоунаалары жана тез жардам унаасы топтолгон. Адамдардын көз алдында полиция кызматкерлери бычак шилтеген жаранды кармап жерге жаткырышкан. ал "лежал, песни блатные пел" деп ырдаган. 

Жергиликтүү басылмалардын маалыматында кыргызстандык айдоочунун автоунаасына отурган  кызуу абалындагы жүргүнчү жетер жерине жеткенден кийин кайсы бир нерсеге нааразы болуп анысын бычак аркылуу билдирүүгө өткөн. Бычак айдоочунун манжасына тийген. Ага ыраазы болбогон жаран ызы-чуу чыгарып автоунаанын терезесин талкалаган.