Печать
Категория: Коом
Просмотров: 78

 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Руслан Матраимовдун үйүнүн айланасындагы муниципалдык жерди короолоп алганы боюнча Ош мэриясы текшерүү жүргүзүп аяктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка караганда комиссия Руслан Матраимов муниципалдык жерди мыйзамсыз короолоп алган деп тапкан. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында ал "Келечек" билим берүү борборунун артындагы жер тилкесин өзүнө каратканы аныкталган. Учурда ал тосмо алынып салынды. Андан сырткары балдар борборуна кеткен жол да тосмолонгон. Буга байланыштуу архитектура башкармалыгы эскертүү берип үй ээси жолу жакынкы убакта ачууга убада берди. 

 

Бул боюнча депутат Искендер Матраимов бул жер Жантөрө Сатыбалдиев мэр болуп турганда аукциондон 119 миң сомго сатылып алынганын жана ага тиешелүү бардык документтер бардыгын айтып чыккан.