Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

Ошондо Жантөрө Сатыбалдиев ал жолдун асфальтынан өөнөп отуруп, жакшы эле байып алганын азыркыга чейин айтып келишет. Көрсө, ал Жантөрө мырзанын мамлекеттик кызматта отуруп, жеке финансылык кызыкчылыкты ири суммада жүзөгө ашыруудагы алгачкы тажрыйбасы болгон экен.

Андан кийин кандай «тажрыйбаларды» жасаганын албетте тиешелүү укук коргоо органдары иликтөөгө алуулары керек. Ошентсе дагы, коомчулукка белгилүү болуп калган дагы бир «тажрыйбасы» бар. Ал 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин Ош жанаЖалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясын жетектеп турган кезинде жасалган. Анын ошондогу ишмердүүлүгүнөн улам учурда жабыркап, санаа тартып турган мекендештериби зарбын.

Мисалы, Оштогу Раззаков көчөсүндөгү эң көп кабаттуу үй ошол дирекциянын көзөмөлү менен курулган. Албетте, мамлекеттин акчасына. Бирок, анын курулушу сапаттуу болбогондуктан бүгүнкү күндө анын жертөлөсүнө жамгыр жааган сайын суу тизеден болуп толуп турат экен. Анан анын жашоочулары насос колдонуу менен сууну сыртка чыгарып турушат. Көп кабаттуу үйдүн эң жогорку кабатында жашагандар үчүн күнүгө сар-санаа. Жаздын күнү жамгыр жааганда үйдүн төбөсүнөн жамгыр суусу сарыгат, кыштын күнү дагы. Ошентип батирлеринин төбөсү суу болуп, анан ал көгөрүп кетет. Жылына аны оңдошкону менен кайра эле баягы көрүнүш кайталанат.

Көп кабаттуу үйдүн алдына төшөлгөн брусчаткалар да чөгүп кеткен. Айтор, бул үйдүн жашоочулары күнүгө Кудайга жалынып, кооптонуу менен жашап келишет. Анан ушул үйдү курдурткан Жантөрө Сатыбалдиевге болгон нааразычылыктарын айтышат. Тиешелүү укук коргоо органдары ал үйдүн курулушуна сарпталган каражаттарды текшеришин да талап кылышат.

Бир адамдын жеке чөнтөгү үчүн жакшы пайда алып келгени менен андагы жашоочулар үчүн көйгөйлүү үйгө айланган бул имаратты сапаттуу курдуртпаган Жантөрө Жолдошевич өзүнүн туура эмес кылып койгонун түшүнөт болду бекен? Жылына 5 смден чөгүп жаткан үй бир күнү түп-орду менен чөгүп кетсе, анда Сатыбалдиевдин мойнунда канча адамдын өмүрү илинип калышы мүмкүн. Андайдан Кудай сактасын дейли, ошону менен бирге бул иштеги жоопкерчилик да каралышын күтөбүз.