Печать
Категория: Коом
Просмотров: 69

 

Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши боюнча журналисттик иликтөөнүн негизинде соттук өндүрүш уланып жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда мекемелер аралык тергөө тобу Башкы прокуратура тарабынан  кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине КР кылмыш жаза кодексинин "Киши өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча катталган иштин алкагында сотко чейинки өндүрүш болуп жатат. 

Анын алкагында күбө катары депутаттар Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, мурдагы депутат Ширин Айтматова, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов суракка алынган. Ошондой эле "Азаттыктын" журналисттери да чакырылган. 

УКМК иликтөөлөрдүн жүрүшү боюнча коомчулукту тынымсыз кабардар кылып турууну белгиледи.