Печать
Категория: Коом
Просмотров: 64

 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин маалыматына караганда 2019-жылдын өткөн 10 айында кылмыштардын бирдиктүү тизмесине 126 миң кылмыш катталды, ал өткөн жылга салыштырмалуу 447 кылмышка көп. Ошондой эле өзгөчө оор кылмыштардын санынын өскөнү да байкалууда. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү катталган. Быйыл 136 УКТ мүчөсү камакка алынды, мурдатан издөөдө жүргөн 13 уюшкан топтун мүчөсү кармалды. 

Бул тууралуу министр парламент жыйынында биодирди. 

Ал белгилегендей ИИМ башка мекемелер менен бирге “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча ондон ашуун кеңешмелерди өткөргөн, мыйзамдын аткарылышы жаатында бир катар иштиктүү чечимдер кабыл алынган, уюшкан кылмыштуу топторду уюштуруу фактылары боюнча 6 кылмыш иши козголуп, 1 иш сотко өткөрүлгөн.