Печать
Категория: Коом
Просмотров: 397

Сепаратист Азимжан Аскаровдун укугун аябай катуу коргоп жүрдү. Ал үчүн өлкөбүздө жашаган улуттардын ортосундагы ынтымакты бузуп, коогалаң уюштурган адамдын эркиндиги өлкөнүн бүтүндүгүнөн, коопсуздугунан да жогору тураарын далилдеген. Азиза айым «Кылым Шамы» аттуу бейөкмөт уюмду жетектейт.

 

Мына ушул уюмга 2007-2018-жылдар аралыгында 35 миллион сомдун тегерегинде чет мамлекеттерден гранттар келген экен. Негизинен ал акчалар зордук-зомбулукту ооздуктоо аракеттерине, социалдык маселелерди чечүүгө деген долбоорлордун негизинде келген. Бирок, Азиза айым ал гранттарды өз максаттары менен сарптабастан, жеке өзүнүн байгерчилик жашоосун камсыздоо үчүн гана жумшаган.

2007-жылы  – 1 289 660 сом, 2008-жылы – 1 444 165 сом, 2010-жылы – 4 170 519 сом, 2011-жылы – 1 922 980 сом, 2012-жылы – 1 105 796 сом, 2013-жылы – 1 000 339 сом, 2014-жылы – 1 882 788 сом, 2015-жылы – 5 945 080 сом, 2016-жылы – 5 247 373 сом, 2017-жылы – 4 209 735 сом, 2018-жылы – 3 292 289 сом акча каражаттары «Кылым Шамы» коомдук фондунун эсебине чет мамлекеттердеги эл аралык уюмдардан которулган. Ал акчаларга өлкөбүздө бир дагы социалдык көйгөй чечилген эмес, же кайсы бир зордук-зомбулукка каршы эч кандай иш жасалган эмес. Тескерисинче, баардык акчалар Азиза айымдын жеке мүлктөрүн сатып алуусуна жумшалган экен.

Мисалы, А. Абдирасуловага катталган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Кеңеш көчөсүндө жалпы аянты 600 чарчы метрди түзгөн хансарай бар. Мындай аянттагы хансарайдын баасы бери эле дегенде 500 миң долларды чапчып түшөөрү белгилүү. Башкача айтканда, жарым миллион доллар.

 

Азиза айымдын уулу Марсель Абдирасуловго 2003-жылы чыгарылган «БМВ-318» автоунаасы 2016-жылы катталган. Базар баасы 5000 долларды түзөт.

 

Күйөө баласы Жоомарт уулу Чыңгызга катталган 2003-жылкы «Мерседес-Бенц-Е220» автоунаасы бар. Анын баасы болжол менен 8000 доллар.

Мындан башка да биз билбеген бир катар кыймылсыз мүлктөрү бар. Ошондо жөн эле көчөдө кыйкырып жүргөн, башка эч кандай жумуш кылбаган Азиза айым кантип жарым миллион долларлык хансарай куруп алды деген суроо жаралбай коебу? Базарда башы менен жер казып иштеп жаткан мекендештерибиз деле бир бөлмөлүү батир ала албай жүрүшпөйбү.