Печать
Категория: Коом
Просмотров: 57

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясында чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү менен жолугушууда чыгармачыл уюмдарды коомдун жана өлкөнүн турмушуна активдүү аралашып, ынтымакты, биримдикти, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө чакырды.

 

Мамлекет башчысы бул жылы быйыл биринчи жолу эгемендүү кыргыз тарыхында чыгармачыл союздарга гранттык колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Чыгармачыл уюмдар өз ишин мындан ары активдештирүүсү зарыл экенин белгиледи.

 

«Бул уюмдар — жөнөкөй уюмдар эмес, тарыхы бай, улуу залкарлар жетектеп кеткен чыгармачыл уюмдар. Алардын уюшулганынан бери 80 жылдан ашык убакыт өттү, алар дагы улуттук маданияттын көөнөрбөс тарыхы», — деп баса белгиледи ал.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы чыгармачыл уюмдарга өзгөчө мамиле жасалып, мамлекет тарабынан камкордукка алынарын белгиледи.