Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

 

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева мындан ары Кыргызстанда аялдарга үстөмдүк көбөйөт деп эсептейт. Ал мындай пикирин TV1.KG телеканалына билдирди. 

Айтымында коомдо жарака кетти жана бул өтө коркунучтуу. 

"Либералдуу саясат соңуна чыкты. Буга чейин мамлекеттик кызматкер болгондуктан көп нерсени ачык айта алчу эмесмин, а азыр кызматтан кеттим, саясатчы катары айта берсем болот: биздин ыр түгөндү, тынч жашоо бүттү, эми өтө чоң маселе жаралат.

Дагы унчукпай отура берсек анда эртең 12-13 жаштагы кыздарыбызды ачык көйнөгү үчүн көчөдө сабашат, ачык буттары үчүн буттарына тебишет, атышат, зордукташат, жаш балдарды өлтүрүшөт, ага эч ким көңүл бурбайт.


Парламент такыр башка конвенцияны ратификациялап, өздөрү каалаган мыйзам менен жашайт", - деди Жангарачева. 

Эске салсак Мира Жангарачева музейдин директорлугунан феминналенин көргөзмөсүн өткөргөнү үчүн алынган.