Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1055

 

Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

 

 (Сүрөттө Орус кино продюсерлери,  режиссерлору Михаил Москалев (ортодо), Резо Шарабидзе (солдон экинчи),  Булат  Искаков жана Москвадагы кыргыз ишкери,  кино актер Болот Башболотов менен)

-Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” кино сценарийин жазып, көп тилдерге котортуп, бир топ ири мамлекеттердин чоң-чоң кино компанияларына биргелешип тартуу сунушу менен кайрылып, алгачкы ийги жоопторду алганыңыздан кабардар болуп жатабыз. Бүгүнкү “Манас” эпосу күнүндө ушул олуттуу  жаңылыгыңыз тууралуу ой бөлүшпөйсүзбү?

 

-2012-жылы “Президент жана бомж” дуу болуп, “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү. Кыргызстандагы андагы сыйлыкка көрсөтүү тобунун башчысы, кино академия президенти, кыргыздын таланттуу жазуучусу жана драматургу, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев: “Сенин колуңдан келчүдөй экен, “Манас” киносун тартууга узанбайсыңбы” деп калды. “Мар аке, биринчиден, өтө чоң каражат кетет. Экинчиден, эпосту киного ылайыктаганда бир топ өзгөрүүлөр жасалса, “Манасты” бузушуптур деген жалаага калам да” деп баш чайкадым. “Анчалык деле көп каражат кетирбей, компьютердик графиканын жардамы менен бир миллион долларга тартса болот, мен эсептеп жүрөм” деди. “Президент жана бомж-2”ни тартып жүрүп сөздөн сөз чыгып, бир белгилүү олигархка айтсам, “Бир миллион долларга тартылса, биз көтөрүүгө даярбыз” деди. Анда да чындап дааган жокмун. Көп узабай Москвада Виктор Цой катышкан “Ийне” тасмасы менен дуу болуп, Казакстан кинематографисттер союзун башкарган, кийин Парижге, Лос-Анджелеске иштеп кеткен, эл аралык аренада жүргөн белгилүү кино режиссёр  Рашид Нугмановго жолугуп, “Манас” тууралуу айтсам, “Сценарийин даярдаңызчы, Голливудга сунуштайлы, чогуу тартканга” деп калды. Эпостун бардык варианттарын окуп, казып, кара сөзгө айланткан кыргыздын дагы бир керемет таланттуу жазуучусу Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” прозалык чыгармасын кино сценаристтин көзү менен иликтеп дыкат окуп чыктым... Уруш-чабыш көп, татаал чыгарма... Сценарий жазууга узана албадым... Башка тасмаларды жазып, тартып жүрдүм... “Манас” ойдон кетпейт.... “Манастын уулу Семетей” спектаклин жашыраак кезимде көрүп, абдан толкундаганым, “Семетейдин” күчтүү драматизми ойго салды... “Каражат табылса, “Семетейди” же, “Барсбекти” тартыш керек” деп жүрдүм... Казакстандык, Орусиялык кесиптештерим менен иштешип, жаңы кино долбоорлорду талкуулап, ушул ойлорум менен бөлүшөм... Бир чоң кино компаниянын жетекчилиги: “Силердин “Манас” дүйнөлүк ири чыгарма. Сценарийин даярдасаңар, биргелешип тартууга аракеттенели” деп калды. Дагы эле өзүм жазуудан жалтайлап, даяр сценнарий болсо, кошумчалайын деп белгилүү жазуучулар, маданият министрлигинде драма чыгармаларын иргеп келишкен Бексултан Жакиевге, Жаныш Кулманбетовго кайрылдым. Экөө тең “Манастын” кино жана сериал сценарийлерин жазыщканын, ал эми  “Семетейдин” ишенимдүү жазуучулар тарабынан даярдалганын билбестигин билдиришти. Ал, “Семетейдин” экпос, драма, кара сөз варианттарын изилдеп кириштим. Өзгөчө Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасын өзөк кылып, башка варианттардан да кошумчалап, “Так мураскери. Манастын уулу Семетей” (четтик  кесиптештеримдин талабы менен аяктагы көпчүлүк Манас, Семетейди биле бербестигин эске алып, “Наследник престола” аталышты кошуп) кино сценарий жаздым.  Чет өлкөлүк кесиптештер үчүн орус, англис, турк, кытай тилдерине которттум. Чет өлкөлөрдө иштешкен кино адистерге жөнөтүп, эл аралык ири кино компаниялардын продюсерлерине, жетекчилерине сунуштадык. Кудай буйруса, жылуу кабыл алышып, биргелешип тартууга ынтаа билдирип жатышат.

 

-  Кайсыл өлкөлөрдүн кино компаниялары менен иштешмекчисиздер?

 

- Америка, Кытай, Орусия, Франция, Түркия киночулары менен кызматташып жатабыз. Айрымдары макулдук билдиришип, айрымдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

 

 (Сүрөттө Орус кино режиссеру жана актеру Александр Панкратов-Черный жана режиссёр Омар Айшах менен)

- Биздин Кыргызстандан колдоо болобу?

 

- “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” дүйнөлүк улуу чыгарма. Адар киного айланса, эл аралык аренага чыгыш керек. Ал үчүн четтиктер биргелешип тартышса, эртең өз өлкөлөрүндө көрсөтүүгө, эл аралык прокатка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Демек, каражатты чогулуп көтөрүшөт. Анда Кыргызстандын ансыз да тартыш бюджетинен акча сурабайбыз.

 

- “Манастын уулу Семетей” – бул жалпы Кыргызстандын масштабына таандык улуу чыгарма. Мындай чоң жумуш баштап жатканыңызды биздин жетекчилерге билдирдиңизби?

 

- Маданият министрине, кино департамент башчысына, андан арылап президенттик администрация башчысына чет өлкөдө жүргөндүгүмдөн улам телефон (вотсап) аркылуу билдирдим.

 

- Алар кандай кабыл алышты?

 

- Маданият министри “биз тараптан эмне жардам керек болсо,  колдоого даярбыз” деп билдирди.

 

- Фильмдин жалпы бюджети канча болмокчу?

 

- Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бюджет азырынча тактала элек.

 

- Болжолу?

 

- Болжолу 2-3 миллион доллардын айланасы.

 

- Режиссёру ким болот?

 

- “Манастын уулу Семетейди” драмалык театрда коюп, “Семетей” менен жашап келаткан белгилүү режиссёр, кино актёр Эгемберди Бекболиев, Москвалык теги казак кино режиссёр Булат Искаков экөөн чакырып жатам. Бекболиев негизинен актёрлор менен иштешсе, Искаков көбүн эсе эл аралык стандартка ылайык киного айлантуу тарабын көзөмөлдөмөкчү. Ал эми продюсерлер ар өлкөдөн кошулуп, көркөм жетекчиликке ушул улуу осуйпаны а деп мага сунуштаган Мар Байжиев агамды чакырмакчымын “эми өзүңүз жардам берсеңиз” деп.

 

- Бул өтө улуу жана жооптуу чыгарма. Жогоруда өзүңүз эскердиңиз, айрымдар “касиеттүү чыгарманы бузуп коюптур деген жалаадан качтым” деп. Эми андан чоочубайсызбы?

 

- Мен биринчиден, ушул улуу чыгармага авторлук кылып, атымды чыгарып алайын дегендей жулунган жерим жок. Өзүмдүн жазылган даяр сценарийлерим бир топ. Мисалы, “Карахан таажысы”, “Социализм трагедиясы” жазылып бүтсө, чет өлкөлүк кесиптештеримдин сунушу менен эл аралык прокатка ылайык дагы эки, үч сценарий даярдалып жатат. Ал эми бул элдик улуу чыгармалдарды киного айлантуу тасма  тармагында узанып жүргөн ар бирибиздин ыйык жана жооптуу милдетибиз. “Семетейди” бузуп коюшуптур” дешпестери үчүн да көп жылдан бери театрларда коюлуп, элге сиңген, убагында мамлекеттик деңгээдде жогору бааларга татыган таланттуу акын жана драматург Жалил Садыковдун драмасын негиз кылдык. Анан киного ылайыктап айрым жаңылыктарды киргизүүго укугубуз бар, эл аралык чыгармачылык тартип ушундай. Дагы ыраматылык Ащыкемдин (Жакыпбеков) таамай кебин эске туттум: “Манасты” ар манасчы ар башкача айткан. Мен да манасчымын. Бүгүнкү заманга ылайыктап өз вариантымды сунуштоого акым бар”. Андай сынчыларга алдын ала дагы бир жооп – Кудай буйруса, “Манастын” киного айланышы алдыда, ал эми “Семетейди” балким, бизден кийинки муун ошол учурга ылайыктап дагы башкача тарта берээр. Анткени, “Манас”, “Семетй”, “Сейтек” баш болгон улуу эпостор кыргыздын көп кылымдык көөнөрбөс асыл мурастары.