Печать
Категория: Коом
Просмотров: 59

 

Жарандык активист Афтандил Жоробековду бошотууну талап кылгандар кол топтой баштады. Соцтармакта "Мен\Биз Афтандил Жоробеков үчүн" флешмоб өткөрүлүүдө. Блогердин карындашы Чынара Темирова "бийликтеги кайсы бир адамдын же топтун кызыкчылыгына иштөө узурпация, демек конституцияга каршы келет" деген пикирин жарыялады. 

 

Эске салсак Жоробеков 24-ноябрда кармалганын УКМК 27-ноябрда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда ал социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасына жалган, провокациялык маалыматтарды жайылтып, элди аймакка бөлүү менен алектенгени үчүн кармалган. 

 

 Чынара Темированын айтымында Жоробековду акыркы учурда коррупция менен олуттуу күрөшүп баштаганы жана кичирайондордогу мыйзамсыз курулуштар тууралуу айтканы үчүн камашты. 

 

"Афтандил Жоробековдун камалышы башка жарандарды коркутуу үчүн болду. Бул алардын оозун жабууга аракет. УКМК өз жарандарын коркутуу жана репрессиялоо үчүн 313-беренени колдонуп жатат. Алар цензура киргизүүнү каалашат", - дейт Темирова.