Печать
Категория: Коом
Просмотров: 68

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов ал 28-ноябрда суракка чакырылып, камакка алынганын билдирди.

 

Сопоков Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу колго түшкөн.

 

Мурда Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген Саймаитини 10-ноябрда кафеде отурган маалда белгисиз киши атып кеткен. Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Эркин Сопоковго таандык экени, автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан. 11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.

 

УКМК Сопоковдун кармалышы "Азаттык" радиосу жана "Kloop" сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөөгө байланышы бар экенин да белгиледи. Ошондой эле Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Мыйзамсыз баюу" өңдүү бир катар беренелер боюнча да иликтөө жүргүзүүдө.