Печать
Категория: Коом
Просмотров: 55

 

Жогорку Кеңеште эки тараптуу кыргыз-түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн. Анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган. Ошондой эле, ички жана тышкы инвесторлорго бирдей укук берилип, бирдей шарт түзүлүүгө тийиш.

 

Депутат Пархат Тулендыбаев быйыл Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы экспорт менен импорттун көлөмүнүн кыскарышына кандай себептер түрткү болгонуна кызыкты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, алгачкы эки кварталда ошондой көрүнүш болгонун, бирок акыркы жарым жылдыктар анын орду толтурулганын билдирди.

 

Белгилей кетсек, Түркия эгемен Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет болуп саналат. Ушу тапта эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт. Азыр аны 1 млрд долларга жеткирүү аракети жасалууда.