Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

 

Соцтармактын А. Ж. аттуу активдүү колдонуучусу кармалып тергөө камак жайына киргизилгенин УКМК кабарлады. Анда айтылгандай кармоо 24-ноябрда болгон. Ал эми 25-ноябрда А.Ж.га КР Кылмыш-жаза кодексинин 313- беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени кабарланган. 

 

Шектүү  аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча кармалган.  Такталгандай “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан. 

 

Учурда тергөө жүрүп жатат.