Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

 

Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргенден кийин ар кандай көмүскө жолдор аркылуу контрабандалык товарлар ЕАЭБ аймагына жайылтыла баштады. Өкмөт бул багытта алдын алуу чараларын көрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

 

«Коррупция өлкөнүн экономикасына чоң зыян келтирүүдө. Азыркы учурда «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» сыяктуу өткөрмө жайларда атайлаштырылган товарларды эсепке алуу жабдуулары орнотулуп, эл аралык жолдордо автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөл тутумдары курулуп жатат», - деди ал.

 

Депутат Айсулуу Мамашова Бажы кызматы менен Салык кызматынын дарегине башынан эле ачуу сындар айтылып келатканын белгиледи. «Жарандарыбыз нааразычылык митингдерине чыгып, мурдагы бажычынын жүзү өлкөдөгү коррупциянын жүзү катары бааланып жатат. Мунун акыры жакшылыкка алып келбейт», - деп кошумчалады ал.

 

Депутат Азамат Арапбаев Өкмөттү өлкө аймагына коррупциялык жолдор аркылуу алынып келинген тамеки товарларына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. «Коррупциялык товарлар ички рыноктогу табигый атаандаштыкты четке сүрүп жатат. Менде канча көлөмдөгү андай тамеки товарларынын кайда катылып жатканы жөнүндө маалымат бар. Аны бир күндүн ичинде эле кылса болот», - деди ал.

 

Ал эми депутат Мирлан Жеенчороев контрабандалык жосундардан улам Кыргызстан менен Казакстандагы күйүүчү майдын баасындагы айырма дагы эле 10 сом бойдон калып жатканын эске салып, өкмөт башчы бул маселени эки жылдан бери чече албай келатканын айтты. «Алар кепилдик сурап жатат, биз анын бере албай жатабыз. Бул көйгөй эки тараптуу келишим түзүлмөйүнчө биржаңсыл чечилиши кыйын. Эгерде Өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетиши керек», - деп кошумчалады ал.