Печать
Категория: Коом
Просмотров: 63

 

 

Эртең, 27-ноябрда, абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

 

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7 градус суук болот.

 

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.

 

Ысык-Көлдө жана Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус суук болушу ыктымал. Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот

 

sputnik.kg