Печать
Категория: Коом
Просмотров: 370

Тактап айтсак, Алтынбек мырза Дүйшөн мырзаны «таптап» жүрүп парламентке алып келген. Дүйшөн мырза Баткендеги бажы кызматында инспектор болуп иштеп турганда (2009-2012-жылдар) контрабанданы «калкалап», андан ири суммада киреше таап, жарымысын Алтынбек Сулаймановго бөлүшүп турчу экен. Ошондон улам дагы ал «Челюстка» абдан жагып калган. Анан 2012-жылы ири контрабанданы өткөрүп жатып, анысы билинип калып кызматтан кеткен. 
Анан дагы бул жигиттин мурда криминал чөйрөсү менен да байланышы болгону белгилүү. Анын бул чөйрөдөгү каймана аты «Душка» болгон. Ошого карабастан аны Алтынбек мырза парламентке депутат кылып алып келди. Себеби, өзү деле мурда криминал чөйрөсүнөн чыккан да. 


Анан бул экөө парламент депутаттары болгону менен чет мамлекеттерге жеке иштери боюнча (частная) өтө тез-тезден каттап турушат экен. Алтынбек Сулаймановдун 2010-жылдан бери чет мамлекеттерге чыкканынын саны 200дөн ашат. Дүйшөн Торокуловдуку деле ошого чамалап барат. 


Биз бул экөөнүн 2018-2019-жылдардагы эле чет мамлекеттерге канча жолу чыккандарын эсептеп көрдүк. Алтынбек мырза жалпысынан 33 жолу чет мамлекетке чыгыптыр. Көбүнесе ал Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларына, Россиянын Москва, Санкт-Петербургуна, Дубайга, Казакстанга чыгып турган. «Душка» дагы ушул эле шаарларга барган. 


Мына ушундан улам бул эки депутат чет мамлекеттерге жеке иштери менен барганда, Түркияда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай ишкери Айеркен Саймаити менен жолугушуп жүрүшчү эмес беле деген суроо туулат. Саймаити киши колдуу болгондон кийин бул экөө тең маалымат булактарына аны менен жакшы мамиледе болуп келишкенин жашырбай эле ачык айтышпадыбы. Балким, Саймаити көзү тирүү кезинде «Азаттыкка» видео-аудио чалуулар аркылуу маалымат бергенде бул экөө тууралуу да айтып бергендир? Эгерде Саймаити азыр тирүү болгондо балким «Азаттыктын» бул экинчи иликтөөсү коомчулукка жарыяланбай да турушу мүмкүн беле деген да суроо бар. Себеби, бул иликтөөнү ал да көрмөк дагы, анан башка маалымат булактары аркылуу ««Азаттык» мен айткан маалыматтарды толук бербептир. Мен А. Сулайманов, Д. Торокулов жана А. Атамбаев тууралуу да маалымат бергем. Булар өздөрүнө керектүү жерлерин гана алышыптыр» деп айтып салмак. Ошондон улам «Азаттык» Саймаитинин айткандарын кармап турушуп, качан гана ал киши колдуу болгондон кийин шашылыш коомчулукка жарыялап атышпайбы. 


Деги эле А. Сулайманов менен Д. Торокулов эмне себептен чет мамлекеттерге мынчалык көп жеке иштери менен каттагандарынын сырын айта алышабы? Айрым убактарда А. Сулайманов кыргыз-казак чек арасынан бир эле күндө 4 мүнөткө гана кирип, кайра чыккан да учурлары болуптур. 4 мүнөттүк эмне болгон жумушу бар эле анын? Алтынбек мырза мына ушул суроолорго жооп беришин коомчулук да күтүп турат.