Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

 

 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Түркия Республикасында жашаган мекендештер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. 

 

Стамбул шаарында өткөн бул жолугушуу соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын тогузунчу жыйынын алкагында өттү. 

 

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов мекендештерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди. 

 

Мындан тышкары ал соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыктары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу дагы айтты. 

 

Жолугушууда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү эки өлкөнүн кызматташтык маселесине кызыгып, ошондой эле эмгек мигранттарынын маселелерин көтөрүштү.  

 

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары жумушка орноштуруу боюнча иш алып барган айрым агенттиктер милдеттерин абийирсиздик менен аткарып жатканына көңүл бурушту. Жолугушуунун катышуучулары бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. 

 

Муну менен катар мекендештер биринчи вице-премьер-министрге учурда жашап жаткан өлкөдөгү турмушу, күнүмдүк жашоосундагы жана эмгек ишмердүүлүгүндөгү шарттар, келечектеги пландары жана өлкөнү мындан ары өнүктүрүү боюнча ойлору менен бөлүштү.