Бүгүн Акүйдүн алдында митинг болду. "РЕАКЦИЯ" деген аталыштагы тынч митинг коррупцияга каршы болгону айтылды. Катышуучулар келечек үчүн кооптонгондуктан коррупциянын тамырын кыюу талабын айтышып чыгышканын, ызы-чууга алдырбай тынч тарай турганын айтышкан. Ошондой болуп бир сааттан ашык убакыттан кийин тарап кетишти.
Митинг гимн менен башталып, 7-апрелде курман болгондордун элесине арналган Акүй алдындагы эстеликке гүл коюшту. Уюштуруучулар болсо резолюция кабыл алынганын билдирип, аны жарыялашты. Ага ылайык митингчилердин үч талабы бар. Алар: Райымбек Матраимовдун камалышы, ууруларга темир тор артынан орун таап берүү, реакция реалдуу.
Буга дейре айрым чет өлкөлүк басылмалар митинг президентке импичмент жарыялоо талабы менен коштолоорун жазып чыгышкан.