Печать
Категория: Коом
Просмотров: 304

 

Айрым маалымат каражаттары ишенимдүү булактарына таянып Бабановдун тапшырмасы менен НТС телеканалы интернетке жарандарды митингге чыгууга чакырган видеороликтерди таратууга даярдык көрүп жатканын жазып чыгышты. Анда айтылгандай Бабановчулары соцтармактарда активдүү иштеп, башыт бейөкмөт уюмдарынын активисттерин колдоп, түз айтканда башамаландыктын болушуна өбөлгө болушууда. 

 

 Мындай маалымат тарагандан көп өтпөй Өмүрбек Бабанов үн салды. 

 

"Урматтуу журналисттер, урматтуу кыргызстандыктар!

 

Сиздерге менин атымды кезектеги жолу провокация жасоо жана жаманатты кылуу үчүн пайдаланып жатышкандыктан кайрылып жатам.

 

Мен жоопкерчилик менен 2 жылдан ашуун убакыттан бери саясатка аралашпай калганымды билдирем. Бизнес менен жана өз укуктук маселелеримди чечүү менен гана алектенем. Аны менен катар мени менен мурда иштешкендер толук кандуу өз алдынча инсандар, алардын өз чечими, өз позициясы бардыгын белгилейм. "

 

Сары пресса жана уятсыз журналисттердин   мени жаманатты кылуу аракетин мен алардын абийирине коем. 

 

Улуу урматым менен Өмүрбек Бабанов", - деп жазды Бабанов.