Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

 

 

Ушул жылдын 24-ноябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат-саясатын жүргүзгөндөр Фарид Ниязовдун билдирүүсү деп социалдык түйүндөрдө жалаяктай болгон текстти жарыялашкан. Анда Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Хабибулла Абдыкадыр аттуу ишкердин 2017-жылы ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына кандайча катышканы тууралуу айткан деп билдирилген. Тактап айтсак, ошол Ф. Ниязовдун билдирүүсү деген текстте «Хабибулла Абдыкадырды Сооронбай Жээнбековдун жеке чакыруусу менен тизмеге кошконбуз» деген жазуу бар болчу.


Көрсө, муну АШАнын маалыматчылары өздөрү эле «токуй» салышкан экен. Бүгүнкү күндө абакта жаткан Ф. Ниязов өзү эч кимге Хабибулла Абдыкадырга байланыштуу эч кандай интервью да бербегенин, эч кандай билдирүү да жазбаганын билдирип жазган тил каты социалдык түйүндөрдө пайда болду. «Мен журналисттер менен жолуккан эмесмин жана Хабибулла Абдыкадыр тууралуу интервью берген эмесмин, себеби СИЗО-1де отурам. Менде пресс-конференция уюштурууга жана интервью берүүгө андай мүмкүнчүлүк жок», - деп жазылат анда.


Ошентип АШАчылар аргалары куруп, өздөрүнүн эле адамдарынын атынан жасалма билдирүүлөрдү жаза башташканы маалым болду. Бул боюнча да мыйзам алдында жоопкерчилик бар болсо керек. Баса, ушул Ф. Ниязовдун билдирүүсү деген текстти эң биринчи болуп, «ыйлаак баатыр» Темирлан Султанбеков «Фейсбуктагы» баракчасынан таратканын эске алып коюш керек.

 

Фейсбуктан алынды

Беспредел-KG баракчасы