Печать
Категория: Коом
Просмотров: 718

Аны аэропорттон эле батышчыл саясатчы Равшан Жээнбековдун адамдары тосуп алган. Андан соң борбор калаабызда Мартин Лариш менен Равшан Жээнбеков жана анын «сүймөнчүк досу» Марат Баязов «чайлашып» отуруп, узакка сүйлөшүшкөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыда боло турган парламенттик шайлоо тууралуу да кеп козгошкон экен. 


«2020-жылдагы парламенттик шайлоого аттанайын деп жатам. Бирок, ага катышуу үчүн ири суммада акча талап кылынат» деп Равшан мырза Лариш мырзанын кулагына «күмүш сырга» кылыптыр. Чамасы Мартин Лариш дагы АКШнын тыңчысы окшобойбу, «каражат табылат, даярдыкты жакшы жасай бергиле» деген жообун узатыптыр. 


Ошондо Р. Жээнбеков чет мамлекеттерден акча алуу менен парламентке келгиси келип жатабы? Анан парламентке келген соң аларга кандай «кызмат» өтөп берет болду экен? Деги эле ушул жолугушууда дагы эмнелер тууралуу кеп козгошконун Равшан мырза коомчулукка ачык айтып бере алабы?