Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

 

"Азаттык" журналисттеринин иликтөөсү боюнча кылмыш ишин иликтөө менен мекемелер аралык тергөө тобу алектенет. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

 

 Маалыматка караганда, журналисттик иликтөө "Киши өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болуп берген. 24-ноябрда сотко чейинки өндүрүш УКМКга берилип, ушул эле күнү мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн, анын курамына УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү кирген. 

 

Учурда тийиштүү тергөө аракеттери башталды, иш үчүн мааниге ээ болгон бардык жагдайларды аныктоого багыт жасалды. Ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн аталган фактыга байланышкан жана журналисттик иликтөөдө аталган адамдардын баары менен тийиштүү тергөө аракеттери болот.