Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

Мындай багыттагы иш-аракеттерди жасоо үчүн АКШ миллиарддарды чачып келет. Ар кайсыл өлкөлөрдөгү бейөкмөт уюмдарын каржылап туруу менен гана чектелбестен, ал өлкөлөргө жиберген элчилерин да өздөрүнүн тыңчысы кылып иштеткени айтылып жүрөт.

 

Бүгүнкү күндө АКШнын Кыргызстандагы элчиси, 30 жылдык дипломатиялык тажрыйбасы бар Дональд Лу дагы элчилик миссиясын гана түз аткарбастан, кайсыл өлкөдө иштеп жатса, ошол өлкөнүн жашыруун сырларын АКШнын Мамдепине ташып тураары чынбы? Ал бир нече тилде сүйлөй алат – албан, орус, азербайжан, грузин, хинди, урду, француз, сьерра-лион тилдеринде. Пакистан, Индия, Грузия, Азербайжан, Кыргызстан жана Албанияда дипломатиялык кызматтарда иштеген.

 

2003-2006-жылдары ал АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары кызматын аркалаган. Ал ошол жылдары жашыруун элчилик резидентура ишмердүүлүгүн координациялаган дешет.

 

2007-2010-жылдары АКШнын Азербайжандагы элчисинин орун басары болуп турганда АКШнын ЦРУсуна жашыруун кат жөнөтүп турганын «Викиликс» эл аралык бейөкмөт уюму жарыялап чыкканы жалганбы?

 

Д. Лу Азербайжанда элчинин орун басары болуп турганда, президент Ильхам Алиевдин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Али Асадов аркылуу расмий Баку менен Иран жана Россия менен мамилесин кайраштырууга катуу аракет жасаганын тана албаса керек. Бирок, 2009-жылы Азербайжан менен Россиянын ортосунда Каспий деңизи жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоонун негизги принциптери боюнча биргелешкен билдирүүлөргө кол коюшкан, ошондой эле Азербайжан жаратылыш газын сатып алууга келишим түзүлгөн. Ошентип бул эки өлкөнүн жакындашуусунан соң Д. Лу АКШ ЦРУсуна шашылыш түрдө И. Алиевдин мамлекеттеги мафиялык структуралар менен байланышы тууралуу маалымат жөнөтүп, Азейрбайжанды авторитардык өлкө деп атаган дешет. Вашингтон буга заматта реакция жасап, Арменияга финансылык колдоо көрсөтүп, Түркия менен Армениянын жакындашуусун камсыздаган. Ал эми Азербайжанда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетин каржылаганы далай ММКларда жазылган.

 

Д. Лу Албанияда элчилик кызматты аркалап турганда, бул өлкөнүн да ички ишине кийлигишип, башкы прокурору Адриатика Лалланы коррупцияга айыптап чыкканы эсибизде. 2016-жылы Албаниянын активисттери жана бейөкмөтчүлөрү менен жолугушуусунда «Мен бир сырды айтып коеюн. Эгерде мен АКШнын өкмөтүнө кошулбаганда, бейөкмөт уюмунун адамы болмокмун» деп ачык эле айткан дешет. Анан дагы ал бейөкмөтчүлөргө «Силер катаал кайтаруучу дөбөт болушуңарды биз каалайбыз» деп айтканы узун кеп болгон. Бул элчи келгенден кийин Кыргызстандагы бейөкмөтчүлөр да агресивдүү боло баштады. Демек, биздеги НПОчуларга да айтса керек. Ошондо Америка бейөкмөтчүлөрдү өздөрүнүн кызыкчылыгын коргогон катаал дөбөт болуулары үчүн каржылап жүргөн болобу? Ал эми кайсыл өлкөдө элчиликте иштебесин, ал өлкөдө ызы-чуу гана жараткысы келген Д. Лунун аракетин кандай баалоого болот?