Печать
Категория: Коом
Просмотров: 205

 

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каратып туруп калп айтуу, каратып туруп сатып кетүү жагынан башкалардан алдаканча айырмаланып тураарын элибиз жакшы билип калды. Ал 2011-жылы өзүн бийликке алып келүүгө эбегейсиз салым кошкон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн президенттик мөөнөтүндө жанына жакын жуутпай, баарын дүңүнөн саткан болчу. Роза Отунбаеванын колунан бийликти өткөрүп алып, анан кайра аны «самозванка» атаган. Анан эми өзү бийликте турганда кыйышпас достордой жүргөн Хабибулла Абдукадыр аттуу ишкерди бүгүнкү бийликке чаптагысы келип жүргөнүн кандай түшүнөбүз?

 

На изображении может находиться: 3 человека, люди улыбаются, люди стоят и в помещении

 

Биздин колубузда Атамбаев менен Хабибулла Абдукадырдын ынак достордон болгонун ырастаган сүрөт турат. Анда аттары аталган экөө кучакташып түшкөнүн көрүүгө болот. Алар менен чогуу Раиса Атамбаева да турат. Өтө жакын дос болбосо, президент менен көрүнгөн эле кучакташып түшө албайт да, туурабы?

 

Көрсө, Хабибулла Абдукадыр АШАнын баскан-турганына корой турган чыгымдарын толугу менен көтөрчү тура. Атамбаев чет мамлекеттерге чыкканда чартердик рейс менен уччу экенин билебиз. Ошондо жеке самолетторду дал ушул Хабибулла Абдукадыр жалдап берчү тура. Анан дагы АШАнын «Ала-Арча» резиденциясына курган хансарайын, борбор калаабызга курдурган мечиттин чыгымдарын толугу менен Хабибулла Абдукадыр көтөргөн экен. Мындан сырткары дагы ири суммада акчалай жардамдарын иликтөөгө туура келет.

 

Мына ушундайча ири финансылык колдоо көрсөтүп жүргөн адамды Атамбаев бийликтен кеткенден кийин чала эле таанышым дегендей өзүнөн алыстаткысы келгенин кандай түшүнсөк болот? 2017-жылдын ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына да Хабибулла Абдукадыр Атамбаевдин жеке чакыруусу менен барганын тана албаса керек. Себеби, ал учурда мамлекет башында Атамбаев өзү турган. Атамбаевдин президенттик аппараты инаугурацияга кимдер катыша турганынын тизмесин түзүшкөн. Мунун баарын коомчулук жакшы билет. Андыктан Атамбаев дагы деле «мен Хабибулланы жакшы деле тааныбайм, аны менен мени Сооронбай Жээнбеков тааныштырган» дей бере турган болсо, анда Хабибулла мырза АШАга берген жардамдарынын тизмесин көтөрүп чыкпаса болду.

 

Фейсбуктан алынды