Печать
Категория: Коом
Просмотров: 205

 

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Буга дейре айрым депутаттар бул иште биринчи кезекте Райымбек Матраимовдун аты аталып жаткандыктан анын агасынын комиссиянын курамында болушу чындыкка коошпой калаарын билдиришкен. 

 

Искендер Матраимов соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жолдоду: 

 

"Акыркы окуяларга байланыштуу коомчулук тарабынан кызыгуу жаралып жаткан суроолорго жооп берип коюну туура көрдүм.

 

Жакында Түркияда каза болгон Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тууралуу түрдүү сөздөр, ушак-айыӊдар айтылып келе жатканын билесиздер. Анын ишмердиги аралашкан окуяларга биздин үй-бүлөнүн атын дагы чаташтырып, атайын каралоо максатында даярдалган маалыматтар дагы чыгып жатты. Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин анын ысымын бир-нече адамдарга жабыштырып, кимдир-бирөөлөр кырдаалдан пайдаланып маалыматтык оюн кылып жаткансыйт. “Айрым депутаттар Айеркен Саймаити менен байланышы бар экен, чогуу сүрөткө түшүптүр”-деген маалыматтар чыгууда. Мына ушулардын чын-бышыгын иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты. Айтылып жаткан божомолдуу айыптоолор боюнча биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жөнүндө дагы кеп болуп жатат. Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат”-деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем.

 

Иниме байланыштуу айтылып жаткан айыптоолор боюнча жооп берейин. "Азаттык" биринчи иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып жалган маалымат таратканы далилденген. Сиздерге белгилүү болгондой негиз кылып көрсөткөн документтер жасалма болуп чыккан. Экинчи иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоону уланткан. "Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту"-деген мисалдарды келтирген. Мындан тышкары "Азаттыктын" негизги таянган булагы алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаити. Саймаитинин сөздөрүн бекемдеди деген маалыматтары анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар, жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен биздин каралоо максаттуу жүрүп жатат.