Печать
Категория: Коом
Просмотров: 53

 

Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Анда депутаттар  Салык кызматы Соцфонддун киреше бөлүгүн чогултууга милдеттүү экенин, жыл аяктап баратканын эске салып, анын быйылкы абалына кызыгышты.

 

Салык кызматынын өкүлү Искендер Асылкулов өткөн 10 айда 25 млрд 792 млн сом каражат чогултулганын, ал былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 194 млн сомго көп экенин билдирди. “Жыл башында бекитилген планга ылайык, дагы 806 млн сом чогултушубуз керек.

 

Кыйынчылыктар бар, бирок биз аны аткаруу аракетин жасап жатабыз. Ал эми калган эки айда 7 млрд 351 млн сом чогулта алабыз: ноябрда – 3,4 млн сом, декабрда – 4 млрд сом”, - деди ал.

 

Андан тышкары, 2020-жылы пенсиялардын өлчөмүн 1-октябрдан тарта индесациялоо аркылуу көбөйтүү пландаштырылып жатканы белгилүү болду. “Мыйзам долбоорунда пенсияларды көбөйтүүгө 829 млн сом каралды. Каражаттын 51 млн сому республикалык бюджеттен, калган бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен берилет. Бул болжол менен жалпы пенсиянын базалык бөлүгүнүн 7 пайызын түзөт”, - деди ал.

 

Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова азыркы учурда пенсия негизинен накталай акчасыз банктар аркылуу которулуп, алыскы аймактарда “Кыргызпочтасы” аркылуу берилип жатканын белгиледи. “Биздин башкы милдет кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат. Банктар алыскы аймактарды тейлей албай жатат, ошондон улам азырынча “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жардамына муктажбыз”, - деди ал.

 

Ал эми Соцфонддун төрагасы “Кыргызпочтасынын” кызмат көрсөтүү акысы банктарга караганда үч эсе кымбат экенин, азыр анын пайызын азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. “Биз каражатты үнөмдөп, ал каражатты пенсияларды көбөйтүү багыттында жумшоого тийишпиз”, - деди Медер Ирсалиев.

 

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 670 миңден ашуун пенсионер бар. Пенсия өлчөмүнүн ырааттуу өсүшү үчүн 1 пенсонерге 3 иштеген адам туура келиши керек, бирок азыркы учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам да туура келбейт. Ошондон улам, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу, кош бухгалтерия менен эмгек акыны жашырып берүү жосундарын жоюу милдети турат.