Печать
Категория: Коом
Просмотров: 180

 

 

Анкета

 

Зодиак белгиси – кой

Туулган жылы, айы, күнү – 1981-жыл, 23-март

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Манас айылы

Хоббиси – Китеп окуу, музыка угуу

Жактырган түсү – ак, кара, көк

Жактырган машинасы – “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү баардык машиналар

Сүйүп жеген тамагы – күлчөтай, балык

Максаты– элине кызмат кылуу

Сыймыктанганы – ата-энесинин берген тарбиясы жана бир туугандары

Өкүнгөнү – учурда жашоо-турмуштун  кыйын болуп атканы

Эмнеден “кайф” алат – жаратылыштын кучагында эс алуудан

Жакшы жагы – ак көңүл, берешен

Жаман жагы – көк бет, бетке айтмайы

Эмнеден аллергиясы бар – калп күлүп жагалдангандарды, куу, митайымдарды жактырбайт

Аялзаты кандай болуш керек – назик, сулуу, мээримдүү

Кандай мырзаларды баалайт –  намыстуу, жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган

Адамда баалаган сапаты – чынчылдык

Ишенгени – Кудай

Корккону – жалгыздык

Девизи – карьерага умтулуу.

 

 

-Фарида айым, сахнага канча жашыңызда чыктыңыз эле?

 

- Мектепке бара элек кезимде үйгө конок келип калса, ал конокторго атам “кызым, ырдап берчи” деп, ырдатып же бийлетпесе жаман боло берчүмүн. Меймандардын көзүнчө атамдын жанына келип алып түрткүлөп атып ырдап берчүмүн. Кийин мектепте окуп жүргөндө  “Гүлдесте” деген эстрадалык топто ырдап жүрдүм. Майрамдарда, майрамдык салтанаттарды уюштуруу жагынан  активист элем. Ал эми чоң сахнага мектепти аяктап атканда 1998-жылы Алина Жетигенова эженин жардамы менен чыккам.

 

- Жан дүйнөңүз жабыркаганда өзүңүздү кантип алаксытасыз?

 

- Ыйлагым келип турганда эч нерсе кылбайм. Жатып алып эле асманды карап “эмне кылдым, эмне кылыш керек?” деп өзүмдү-өзүм ичимен жей берем. Бук болсом чыгарып ыйлап алам. Бирок, ыйлаганымды эч кимге көргөзбөйм.

 

- Сизге карата айтылган ушак кептерге кандай карайсыз?

 

- Айтылган сөздөргө терикпейм. Көрүп, билбей сүйлөгөн деңгээли ылдый адамдардын сөзүн териштирбейм. Этиканы билген адам эч качан бирөөнү ушактабайт, бирөөгө жамандык каалабайт. Кээде өзүм жөнүндө айтылган ушактарды укканда “мейли ушактай беришсин, күнөөм арылат” деп тим болом. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” демекчи, кудай өзү таразалайт.

 

- Азыркы учурда кыргыз эстрада ырчылары көп эле кинолорго тартылууда. Мүмкүнчүлүк болуп башка мамлекеттин белгилүү актерлору болсо, ким менен тартылат элеңиз?

 

- “Бөдөнөнү сойсо да капачы сойсун” демекчи, ырчы ырчыдай, актриса актрисадай эле болсо дейм.

 

- Ашканада кандай кожойкесиз?

 

- Айрыкча, камыр тамакты жакшы жасайм. Европа тамактарын, салаттарды кооздоп жасаганды жактырам. Бирок, ар бир тамакты маанайыма жараша даярдайм. Көңүлүм келсе, ишим кычап атса да, камырды колго жууруйм. Башкалардай даяр кесме салганды жактырбайм. Кичинемден эле айылдагы тандыр мешке нан жаап, боорсоктун камырын жайып берчүмүн.

 

- Диета кармайсызбы?

 

- Диета кармабайм, башында толук кезимде нан жебей өзүмдү кыйнай берчүмүн. Азыр табитим тартып турса баардык тамакты жей берем.

 

 - Кайсы өлкөлөргө бардыңыз эле анан кайсы өлкөлөргө баргыңыз келет?

 

- Алина эже менен Алма-Атага, Казакстандын шаарларына бир нече жолу баргам. Бир кемчилигим башка ырчылардай болуп“башка мамлекетке барсам” деп ак эткенден так этпейм.Чынын айтсам Кыргызстандан чыккым келбейт. Кыргызстанды башка өлкөлөрдөн да ыйык көрөм.

 

- Ырчылыктан сырткары дагы эмне менен алексиз?

 

- Азыр бизнесим бар, эркек адам болбосом да мал бактырып, жер иштетем. Анын көзүн таап билип алсаң жакшы жумуш экен. Күзүндөгү түшүмдөн жазгы урукка алып коюп, калганын акча керек болгондо сатам. Кийимди, косметиканы көп алам. Мактап койсо кайра эле курбуларыма берип, берешен болуп кетем.

 

- Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?

 

- Мага ар кандай сындар айтылып, “Фарида оозун жасаткан” деген пикирлер да болгон. Өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Бирок, кудайдын берген оозу, бети менен эле жүрөм. Келбетиңдин сулуулугунан да, жан дүйнөңдүн сулуулугу биринчи орунда туруусу шарт.

 

- Намаз окуйун деген ниетиңиз барбы?

 

- Ниетим бар, бирок азыр эрте, кудай буюрса убагы келгенде окуйм.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити