Печать
Категория: Коом
Просмотров: 50

 


Ушул жылдын ноябрь айында ички иштер органдарына белгисиз адамдар тарабынан опузалоо болуп жаткандыгы жөнүндө арыз түшкөн. Кылмышкерлер Ош облусунун Араван районунун жашоочусун уруп, коркутушуп "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алышкан.Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 


Маалыматка караганда аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүндө (Күч колдонуу менен опузалоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.


Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө опузалаган адамдардын биринин өздүгү такталып, Ош облусунун Өзгөн районунун бир нече жолу соттолгон жашоочусу кармалган.


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы көрсөтүлгөн кылмыш ишине шектелип, 1982-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалып, Оштогу убактылуу кармоочу жайга  киргизилген.

 

ИИМдин маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.


Башында, март айынын башында Д.А. аттуу жаран милиция кызматкерлери тарабынан тоноочулук үчүн кармалган. Белгисиз адамдар физикалык күч колдонуу менен жергиликтүү тургундун акча каражатын ээлеп алган. Жогорудагы факты боюнча иликтөөлөр жүрүп, аталган кылмыш ишине анын тиешеси бар экендиги аныкталган. Андан соң, материал мындан аркы териштирүүсү үчүн сотко жөнөтүлгөн. Соттун чечими менен Д.А. күнөлүү деп табылып, 1 жылга пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулган.


Мындан сырткары, Д.А. Россия Федерациясынын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн - Москва шаарындагы "Люблино" метросунун станциясындагы кафелердин биринде Кыргызстандын эки жаранын уурдоого шектелүүдө. Кийинчерээк уурдалган адамдардын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Россиянын укук коргоо органдары Д.А. карата мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.


Азыркы учурда соттун чечими менен Д.А. карата соттун чечими менен абакка камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган.


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы шериктештерин кармоо жана жогорудагыдай фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Опузалоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзүп жатат.