Печать
Категория: Коом
Просмотров: 198

 

Түркияда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча саясий оюндар башталды деп эсептейт депутат Алтынбек Сулайманов. Ал бүгүн бул тууралуу парламент жыйында билдирди. 

 

"Азыр анын өлүмүн башка жакка буруу, коомчулуктун арасында башкача пикир жаратуу аракеттери жүрүп жатат. Ошондуктан, биз депутаттык комиссия түзүп, анын өлүмүнүн чыныгы себептерин жана ага кимдердин тиешеси бар экенине иликтөө жүрүгүзүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарышыбыз керек", - деди депутат. 

 

Анын сунушун депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдоду. Алардын пикиринде, кытай жараны Айеркен Саймаитинин табышмактуу өлүмү, Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковдун эл аралык издөөдө жүргөн адам менен байланышы өлкөнүн аброюуна көлөкө түшүрдү.

 

Депутат Алтынбек Сулайманов учурда  «Бир Бол» парламенттик фракциясынын кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө чечими даярдалып жатканын айтып, депутаттарды бул чечимди колдоп берүүгө чакырды.