Печать
Категория: Коом
Просмотров: 52

 

 

Коомчулукта акыркы күндөрү Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев пара алып жатканда алынып, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсүнүн сейфинде кылмыштык далил буюму катары сакталган 200 миң доллардын уурдалгану тууралуу  айтылууда. Бул боюнча депутат Жанар Акаев парламенттик жыйында белгиледи. 

 

Айтымында айрым маалыматтарда ал акча казиного салынганы айтылууда. 

 

"Албетте, коомчулук ага ишенет. Тилекке каршы, берилген паранын катылган акчасы Кыргызстанда гана уурдалышы мүмкүн. УКМК акча жоголгон эмес дейт. Анда эмине үчүн ал акча сотто көрсөтүлгөн жок? Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартышы керек. УКМК да өзүнүн абыроюн сактоо максатында, бул иш боюнча жүйөлүү жооп берип, уурдалды деген акчаларды, алардын катталган номурларын жарыя көрсөтүшү керек. Ансыз эл оозунда ар кандай жоромолдор кептер айтылып, нааразычылыктар жарала берет», - деди депутат.