Печать
Категория: Коом
Просмотров: 261

 

 

20-ноябрда Балдардын укугу жөнүндө конвенциянын 30 жылдыгына арналган парламенттик сессия өткөн. Анда баланын адам болуп калыптанышында үй-бүлөнүн өтө чоӊ орду бар экенин белгиленген. Депутат Рада Түмөнбаева парламент жыйынында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жаӊы-Жол айылында 18-ноябрда болуп өткөн окуяны  адилеттүү териштирүү зарылдыгын айтты. 

 

«Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, үйдөгү ынтымак, биримдик, бири-бирин урматтоо өкүм сүргөн маанай сыяктуу факторлор баланын коомчулукта өзүн өзү алып жүрүүсүнө тарбиялайт. Буга байланыштуу, мектеп аймагынан тышкары жерде болгон кыздардын жапырт мушташуусуна көӊүл бургум келет. Бирок эмнегедир бул кырдаалга мугалимдер күнөөлүү болуп чыкты. Бул жерде ошол мушташка катышкандардын өздөрүнүн, алардын ата-энелеринин жоопкерчилиги каралган эмес»,- деди депутат.

 

Ошондой эле ал аталган окуяны териштирүүдө 4 мугалим  кызматынан алынгандыгына билдирди.

 

 «20 жылдык эмгек стажысы бар мектеп директору Бурулай Мураталиева, 30 жылдык стажысы бар мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Урмат Абдыкеримов, ошондой эле көптөгөн жыл педагогикалык стажыга ээ мугалимдер Жумаян Дөөлөтова менен Жээнайым Надырбекова кызматтарынан алынды. Чечим кабыл алууда эмне үчүн алардын көп жылдык тажрыйбалары, билим берүүгө кошкон салымдары эске алынган эмес?»,- деген депутат тармактык министрликти аталган төрт мугалимди кызматына кайра коюуга чакырды.