Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

 

 Өкмөт жакында  азык-түлүк менен отун наркы  кескин кымбаттабайт деп убада берген. Бирок тилекке каршы, азыр ун менен көмүрдүн баасы аз убакытта көтөрүлдү.

 

Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

 

Пикиринде бул боюнча өкмөт жана анын атайын органдары мындай абалды көзжаздымда калтырбай, бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек.

 

«Кыш келди, көмүрдүн баасы азыртан эле 5000-6800 сомго чыгып кетти. Баа баардык аймактарда көтөрүлүүдө: Ошто – 2300-7000 сом, Бишкекте – 3400-3900 сом, Ысык-Көлдө – 5000-5800 сом, Жалал-Абадда – 6000-6500 сом. Балким көмүрдүн баасын ортомчулар көбөйтүп жатат. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл», - деди депутат.