Печать
Категория: Коом
Просмотров: 56

 

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" тобунун экстремисттик материалдарын таратууга шектүү кармалды. Бул тууралуу аймактык ИИБ билдирди. 

 

Маалыматка караганда шектүү 18 жашта жана ал Бишкектеги эл аралык университеттин экинчи курсунда окуйт. 

 

Август айында милиция кызматкерлерине райондогу аялдар үчүн намазканада экстремисттик материалдар таратылып жатканы тууралуу маалымат жеткен. Аталган топтун идеологиясы жергиликтүү калкка жана Фейсбук тармагы аркылуу таратылган. Факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-иликтөө чараларынын негизинде шектүү колго түшүп, анын жанынан араб тилиндеги 54 китеп жана дептерлер табылган. Текшерүү учурунда кыз уюлдук телефону аркылуу Мухсинбек Мубинов аттуу фейк аккаунттун ээси экени жана аны менен "Хизб ут-Тахрирдин" идеологиясын таратып келгени аныкталган.